Башкы Жаңылыктар Шайлоонун алдында БШК Баткен облусунда укук коргоо органдарына …

Шайлоонун алдында БШК Баткен облусунда укук коргоо органдарына окутуу уюштурду

05-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Баткен облусунун укук коргоо органдары үчүн окутуу өткөрдү.

Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата чараларды жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингдерге тергөө, сурак органдарынын квалификациясы жогору, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.

 КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча өтө турган парламенттик шайлоонун, шайлоо округдарын түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарылдыгы тууралуу маалымат берди. 

 

Шайлоо мыйзамдарындагы жаӊычылдыктар тууралуу айтылды, атап айтканда, талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүүчү  ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлеринен каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин тартуу, ошондой эле кол чогултуу, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүсү административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу деп эсептеле тургандыгы айтылды. Мындан тышкары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө, үгүттөөчү бардык материалдарды чыгарууга жана таркатууга тыюу салынат.   

“Көп субъекттүүлүк шайлоо процессинде эске алууга зарыл болгон өзгөчөлүк болуп эсептелет. Андыктан шайлоонун ар бир катышуучусу менен мамиле түзүү керек. Шайлоо процессинин бардык катышуучулары укук коргоо органдарынан, мамлекеттик бийлик органдарынан, ЖӨАБдан маалымат  алууга, ошондой эле алардын укуктарынын корголуусуна, шайлоо процесстерин жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтүлүшүнө укуктуу.    

Укук коргоо органдары шайлоочулардын тизмесине кирбей калган болсо, же шайлоо участкаларында пандустардын жоктугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктары бузулган учурда жарандардын шайлоо укуктарын коргоого милдеттүү. Талапкерлердин шайлоо укуктарына карата, алсак, өз программаларын, максаттарын шайлоочуларга жеткирүүдө алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелбеши керек”, - деп белгиледи Н.Шайлдабекова.

Окуунун катышуучуларына шайлоо процессиндеги укук коргоо органдарынын ролу, конституциялык-укуктук жоопкерчилик тууралуу айтылды. Алсак, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана жол берилген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрөт деп айтылды. Талапкер, саясий партия тарабынан аталган конституциялык мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда,  тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулары тууралуу кат түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу.   

Талапкер, саясий партия тарабынан аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуулар кайталанган учурда (эки же андан көп жолу), тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.    

Бул учурда прокуратура органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларынын ишмердигине кийлигишүүгө укуксуз, алардын ишмердигине көзөмөл жүргүзбөйт, шайлоо комиссияларына жана алардын мүчөлөрүнө карата прокурордук чаралардын актыларын чыгарбайт.  

Жогоруда айтылгандар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, төрагасы, төраганын орун басары, шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан жасалган кылмыштар жана жоруктарга тиешеси жок, алар боюнча материалдар сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн КЖБРде каттоого алынат.  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>