Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
08.10.2021

Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-октябрындагы жыйналышында 2021-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Нуржанов айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Нуржанов айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Нуржанов айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жайнаков Алмазбек Аманбекович, Исмаилов Касым Асеинович, Эшимбеков Куттубай Токонович катталган. Добуш берүүгө Нуржанов айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты катышкан. А. Жайнаков – 6 добуш, К. Исмаилов – 0  добуш алды, К. Эшимбеков – 5 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жайнаков Алмазбек Аманбекович Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
08.10.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-сентябрда өткөн жыйналышында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш,  Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүүгө токтом кылды. Чечим шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүү жөнүндө Кара-Суу, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы № 408 Жарлыгына ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«АШАР-Алтан» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
08.10.2021

«АШАР-Алтан» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди

  «АШАР-Алтан» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды. «АШАР-Алтан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Чоң Казат» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
08.10.2021

«Чоң Казат» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди

«Чоң Казат» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды. «Чоң Казат» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
КР БШК нын 2021-жылдын 8-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08.10.2021

КР БШК нын 2021-жылдын 8-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 8-октябрь 2021-ж.                                                                                                Убактысы: 18:00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 4 октябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр шаардык, Бакай-Ата жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. №4 Көк-Жар шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдрахманов Азамат Абдилазовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичти №13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 8. Ганыев Каныбек Токтоматовичти №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 9. Алымжанов Айбек Орозбековичти №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 10. Лилиенталь Юлия Викторовнаны №13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 11. Талипов Нурали Орозалиевичти №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 12. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аджибаева Жаңыл Бейшеновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аманбаев Искендер Эркиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бекешев Дастан Далабайевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 15. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 16. №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алимбеков Нурбек Каарыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 17. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бакир Бакытбектин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 18. №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бузурманкулов Айбек Мырзакеримовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 19. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джакеев Алмазбек Алманбетовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 20. №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 21. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Жапаров Талантбек Рысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 22. №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Оморов Чынгыз Ашырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 23. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 24. №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Саипов Бакытбек Саиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 25. №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Чомонов Манас Алишеровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 26. «АШАР-Алтан» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 27. «Чоң Казат» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 28. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында «мобилдик топтор» чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга маалымат берүү боюнча ишин улантууда
08.10.2021

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында «мобилдик топтор» чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга маалымат берүү боюнча ишин улантууда

«Мобилдик топтор» 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында БШК тарабынан, ТИМ жана СӨМ менен биргеликте түзүлгөн. Бул демилге БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин жакшыртуу боюнча долбоорунун колдоосу менен ишке ашууда. «Мобилдик топтордун» иштөө убактысы: Дата Өлкө Шаар 21 – 23-сентябрда Россия Москва жана Санкт-Петербург 23 – 28-сентябрда Италия Рим жана Кальяри 29-сентябрдан – 02-октябрга чейин Россия Тюмень 01 – 03-октябрда Россия Самара 01 – 03-октябрда Туркия Стамбул 04 – 07-октябрда Россия Томск 04 – 09-октябрда Туркия Анталья 06 – 09-октябрда Россия Казань 09 – 12-октябрда Россия Хабаровск 11 – 14-октябрда Россия Краснодар 15 – 17-октябрда АКШ Нью-Йорк жана Чикаго "Мобилдик топтор" алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын даректери жана саны, паспортторду алмаштыруу, жарандарды консулдук эсепке алуу, биометрикалык маалыматтарды жана жарандардын электрондук-санарип кол тамгаларын каттоо ж.б. суроолор боюнча. "Мобилдик топтордун" курамына кирген А.Дубанбаева жана А.Жупуева БШК мүчөлөрү жыйындын катышуучуларына Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш тутуму боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришет. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары, эреже катары, чет өлкөлүк мекемелердин аймагында Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт. Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана БШКнын тиешелүү токтомдору менен 29 чет өлкөдө 58 шайлоо участогу түзүлгөн. БШКнын расмий сайтындагы "Чет өлкөдө добуш берүү" бөлүмүндө дареги жана байланыш маалыматы жазылган чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын тизмеси жайгаштырылган. «Шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган Кыргыз Республикасынын жараны автоматтык түрдө тийиштүү участка боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна жазылган деп эсептелет, б.а. алар саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлерге гана добуш бере алышат. Маалымат иретинде: 54 депутат бирдиктүү шайлоо округ боюнча ачык тизме менен шайланат (депутаттыкка талапкерлер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлөт); 36 депутат мажоритардык тутум боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарда шайланат (депутаттыкка талапкерлер саясий партиялар жана жарандар тарабынан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт). Чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн тийиштуу участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте эффективдүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөткөн "мобилдик топторду" чет өлкөгө жөнөтүү практикасын улантат, жана ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн эске алуу менен өлкөнүн чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу географиясын кеңейтүү зарылдыгы бар. Учурда кошумча топторду жөнөтүү пландалууда. Топтор жөнөтүлгөн мөөнөт жана шаарлар боюнча маалымат БШКнын сайтына өз убагында жайгаштырылат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Талас шаарында укук коргоо органдарына шайлоо процессинин жүрүшүндө конституциялык-укуктук жоопкерчиликти түшүндүрдү
08.10.2021

Талас шаарында укук коргоо органдарына шайлоо процессинин жүрүшүндө конституциялык-укуктук жоопкерчиликти түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Талас шаарында окутуу өткөрдү. Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды. КР БШКнын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди. Тренингдин жүрүшүндө шайлоо процессиндеги укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ролу, шайлоо мыйзамын бузуулар үчүн жазык жоопкерчилиги тууралуу сөз болду. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү экендиги айтылды: керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү; байланыш орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды, документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо; керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү; шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү. Добуш берүү күнү жана анын алдындагы күн соттор, прокуратура органдары жана ички иштер органдары үчүн жумуш күндөрү экендиги баса белгиленди. Тренингде шайлоо процессинин жүрүшүндө конституциялык-укуктук жоопкерчиликке өзгөчө көӊүл бурулду. Мындай жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү: жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарынын өзүндө каралган; шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкаркы тартипте ишке ашырылуучу өтө көп сандагы санкциялар; санкциялар шайлоо укугунда кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ экендиги, б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары конкреттүү шайлоо өнөктүгү өтүп жаткан мезгилде гана колдонулаары тууралуу айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону көзөмөлдөйт жана кетирилген мүчүлүштөрдү четтетүү боюнча чараларды кабыл алгандыгы белгиленди. Конституциялык мыйзамдын 22-28-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарды талапкер, саясий партия бузган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы бузуулар жөнүндө ага жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Конституциялык мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин талапкер, саясий партия бир нече жолу (эки же андан көп) бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана шайлоо мыйзамдарына ылайык аны жоопкерчиликке тартууга укуктуу. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас шаарында көчмө жыйын өткөрдү
08.10.2021

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана КР БШК төрайымынын орун басары Т. Шайназаров алып барышты. Жыйынга шаардын, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Талас шаарынын жана облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты. Талас шаарында жана Талас облусунда 162 109 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын бул санынын негизинде аймакта 2 бир мандаттуу округ түзүлдү: №20 Манас округу (Кара-Буура, Манас райондорун жана Бакай-Ата районунун 5 айылдык аймагы кирет), №21Талас округу ( Талас шаарындагы 10 УШК, Талас облусунун 13 айылдык аймактары жана Бакай-Ата районунун 4 айылдык аймактары кирет). 117 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылат; шайлоого даярдыкты 1534 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ишке ашырышат. Маалымат үчүн: Талас облусунун округдары, шайлоочулардын саны: №20 Манас шайлоо округу Бакай-Ата районунун 5 айыл аймагын, Кара-Буура районунун 10 айыл аймагын жана Манас районунун 5 айыл аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 82 676 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 63, анын ичинен 13ү Бакай -Ата районунун 5 айыл аймагында, 28и Кара -Буура районунун 10 айыл аймагында жана 22си Манас районунун 5 айылдык аймактарында жайгашкан. №21 Талас шайлоо округу Жалпы шайлоо участкалары 54, анын ичинен 10 УШК Талас шаарында, 33 УШК Талас облусунун 13 айыл округунда жана 11 УШК Бакай-Ата районунун 4 айылдык аймагында жайгашкан. Шайлоочулардын жалпы саны 80 433 жаран. М. Иманкулов Талас облусунун жана шаарынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи. КР БШК төрайымынын орун басары Т. Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек: - шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат; - шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат, - шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу зарыл болгон участоктор бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоого катышууга көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин азыр туруктуу болуп калган "Кошунаңды ала кел" акциясын күчөтүү зарыл. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн, ал эми прокуратура органдарына майыптар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө милдети тапшырылды. Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды. Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.   Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана даярдыкка маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү: • санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча: • биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо; • тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү. • укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу; • облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер. КР БШК Маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Кербен шаарында ОШК мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоо талаш-тартыштары боюнча окутуу өттү
08.10.2021

Кербен шаарында ОШК мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоо талаш-тартыштары боюнча окутуу өттү

Депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темадагы тренингдердин сериясы Кербен шаарында улантылды. Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду. КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүүнүн тартиби жана мөөнөтү тууралуу айтып берди. Өзгөчө басым шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө жасалды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу экендиги белгиленди. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Талапкерлерди жана саясий партияларды каттоодон баш тартуунун негиздери тууралуу айтылды. Булар: талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө; көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо; талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу; саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамындагы 61-беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат. Шайлоо фонддордун айкындуулугу боюнча, эгерде кайрымдуулук ушундай кайрымдуулукту жасоого укугу болбогон жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, (б.а. тыюу салынган болсо)  ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш экендиги баса белгиленди. Эгерде кайрымдуулук чектелген сумма боюнча талаптарды бузуу менен жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кайрымдуулуктун максималдуу өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайра кайтарылууга тийиш, мында кайра кайтаруунун себептери көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш. Бул тууралуу тренингдин катышуучуларына шайлоо алдындагы үгүт боюнча компонентинде айтылды. Дебаттар боюнча катталган талапкердин же саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбегендиги такталды. Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокат шаарында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү
08.10.2021

БШК Ноокат шаарында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ноокат шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди,  саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуу өткөрдү. Тренингдин темасы: “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо”. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев алдыда өтүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле шайлоо процессинин, добуш берүүнүн аныктыгына жана айкындуулугуна, шайлоонун атаандаштыгына багытталган Борбордук  шайлоо комиссиясынын чаралары жана ресурстары тууралуу чогулгандарга маалымат берди. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби, анын ичинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктаары тууралуу айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим (2-форма) саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Саясий партиянын съездинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө  жашыруун добуш берүү жол-жоболорун камсыздоо жана сактоо саясий партияга жүктөлөр. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун катышууга укуктуу. Саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосу, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусу, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. Катышуучулар талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибин, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежелерин окуп-үйрөнүштү. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын чыгымдалыш тартибин бузуусу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүүсү, каржы отчетторун бербөөсү жана жарыялабоосу, талапкерлердин, саясий партиялардын  отчетторунда анык маалыматтарды берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер, саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылат. Бузуу фактысын аныктоо максатында БШК бийликтин мамлекеттик органдарына, фискалдык жана укук коргоо органдарына, ЖӨБ органдарына жардам сурап кайрылууга укуктуу. Катышуучуларга шайлоо комиссияларына даттанууларды, арыздарды берүү мөөнөттөрү, аларды кароо мөөнөттөрү, арыз,  даттануу менен шайлоо комиссияларына ким кайрыла ала тургандыгы түшүндүрүлдү,  арызды кароонун натыйжасы боюнча конституциялык-укуктук (шайлоо) жоопкерчиликке же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга мүмкүн экендиги белгиленди. Ошондой эле шайлоо мыйзамын бузуулар үчүн укуктук жоопкерчилик изилденди. Алсак, шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, депутаттыкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу 3-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга 5 500 сом, укутук жактарга 17 000 сом). Жеке жана юридикалык жактардын белгиленген мөөнөттөрдө шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган зарыл маалыматтарды же материалдарды шайлоо комиссиясына тапшырбоосу, ушуга тете эле комиссиянын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоо 1 категориядагы айып пул салууга алып келет (укуктук жактарга 5 000 сом). КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Токтогулда талапкерлерге жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылды
08.10.2021

Токтогулда талапкерлерге жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылды

Токтогул шаарынын депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрүлдү.    Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду. КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү тартиби,  шайлоо округдарын түзүү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу айтып берди. Депутаттыкка талапкерлердин документтерин берүү жана каттоого алуу тартиби тууралуу маалымат берилди, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү экендиги белгиленди. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер, талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.     Окутууда шайлоо талаш-тартыштарын жана даттануу арыздарын кароо боюнча блок камтылды. Катышуучуларга арыздарды (даттанууларды) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо мөөнөтү ал келип түшкөндөн тартып 3 күн, ал эми арыздарды (даттанууларды) кошумча кароо мөөнөтү – 5 күн, добуш берүү күндүн алдында жана добуш берүү күнү берилген даттануулар (арыздар) дароо каралары тууралуу маалымат берилди.  Окутуудагы негизги компонент катары шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эрежелерин изилдөө, анын ичинде обо убактысын бөлүштүрүү каралды. Ошондой эле бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дебаттарды жана башка ушундай үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Акысыз эфирдик убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей негиздерде жол берилүүгө тийиш. Каржы айкындуулугун калыптандыруу максатында КР БШК бүткүл өлкөдөгү шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоо фонддорун түзүү, каржы жоопкерчилигин жана отчеттуулугун камсыздоо эрежелерин үйрөттү. Акча каражаттары шайлоо фондунун эсебине улуттук валютада которулат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт. Белгиленген көлөмдөн ашыкча келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып бериле тургандыгы белгиленди.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги түшүндүрүлдү
07.10.2021

Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги түшүндүрүлдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Жалал-Абад облусунда окутуу өткөрдү. Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды. КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди. Катышуучуларга шайлоо алдындагы өнөктүктү жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги тууралуу кеңири айтып беришти (КР КМ 28-бер., 2-бөл.) Участникам подробно рассказали о недопустимости злоупотребления правом на проведении предвыборной агитации (ч. 2 ст. 28 КЗ КР): жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт: басмырлдоого чакырган улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды пропагандалоого тыюу салынат (КР КМ 28-бер., 2-бөл.). Ушул эле номалар КР ЖК 313-беренесинин (жаңы редакцияда 330) диспозициясында каралган, Эти же нормы предусмотрены в диспозиции ст.313 (330 в нов. ред.) УК КР, «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу». Шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынган (КР КМ 28-бер., 3-бөл; КР ЖК 192-бер. (196) «шайлоочуларды сатып алуу») Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз (КР КМ 28-бер., 4-бөл; КР ЖК 192-бер. (196) «шайлоочуларды сатып алуу» жана КР бузуулар жөнүндө кодексинин 44-бер., (КР жоруктар жөнүндө кодексинин 65-бер.) «шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн шарттарын бузуу). билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин тизмесинен киргизилген талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. (КР КМ 28-бер., 5-бөл; КР бузуулар жөнүндө кодексинин 45-бер., (КР жоруктар жөнүндө кодексинин 66-бер.) «Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу). Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок: талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга; тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого; кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга; талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга (КР КМ 28-бер., 6-бөл.). КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абадда журналисттерди жана блоггерлерди окутуу болуп өттү
07.10.2021

Жалал-Абадда журналисттерди жана блоггерлерди окутуу болуп өттү

 Жалал-Абад облусунун  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана блоггерлерине 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр тууралуу айтып беришти. Окутуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү (USAID) менен биргеликте, USAID колдоосу менен уюштурулду.     Катышуучулар КР ЖК шайлоосун уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары боюнча, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу жарандарды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери тууралуу билимдерге ээ болушту.   «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу катышуучуларга КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов маалымат берди. Ошондой эле, диний имараттардын ичинде, ага жакын жерде (100 метрден кем эмес), ага тиешелүү аймактагы курулуштарда, кооптуу жана зыяндуу өндүрүшкө ээ объектилерде, электр станцияларында, темир жолдордо, мунай түтүктөрүнүн жана жогорку вольттуу электр берүү чубалгыларынын жанында, пенитенциардык тутум объектилеринде, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарында, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелеринде үгүт иш-чараларын өткөрүүгө үгүттөө материалдарын таратууга жол берилбей тургандыгы айтылды. Үгүт материалдарында диний тематикага шилтек жасалган же кыйыр, түздөн-түз көчүрүп алууларды камтыган маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин чагылдырууга жана башкача колдонууга жол берилбейт.  Стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүүчү ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлеринен каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин тартууга, ошондой эле кол чогултууга, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат, бул административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу деп эсептелет. Мындан тышкары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө, үгүттөөчү бардык материалдарды чыгарууга жана таркатууга тыюу салынат.   Медиа эксперт Авланбек Джумабаев КР БШКнын маалымдоо жана үгүт иштери боюнча Жумушчу топтун милдеттери тууралуу айтып берди, ал Жумушчу топ шайлоо алдындагы уюштуруу иштерине катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларына, интернет-басылмаларга, медиа-уюмдарга маалымдоо маселелери, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары боюнча  консультативдик жана усулдук жардам  көрсөтөрүн айтты. Ал КР БШК маалыматтык ресурстары бардык маалыматты ыкчам алып турууга мүмкүндүк берерин белгилеп кетти.    "Шайлоо процесси боюнча биздин бардык жаӊылыктарды Шайлоо - 2021 телеграм-каналынан https://t.me/Shailoo2020TsikKR окууга болот», - деп айтты ал.  Тренерлер, маалымдоо жана үгүт иштери боюнча КР БШКнын Жумушчу тобунун мүчөлөрү – Кыргызстандын жазуучуларынын көз карандысыз бирикмесинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Politmer.kg сайтынын редактору Наргиза Нанакеева катышуучуларга фахтчекинг аспаптарын, шайлоо процессинин жүрүшүндөгү маалыматтардын мониторинги тууралуу, туура эмес жана жалган маалыматтарды ажырата билүүнү үйрөттү. Ошондой эле касташуу тили боюнча мини-кейстер уюштурулду.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери шайлоо фонддорду түзүү эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү
06.10.2021

Кара-Суу шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери шайлоо фонддорду түзүү эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

Кара-Суу шаарынын депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрүлдү. Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду. КР БШКдин мүчөсү Узарбек Жылкыбаев катышуучуларга бирдиктүү жана бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо тартибин түшүндүрүп берди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2021-жылдын 18-октябрына чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырыш керек. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин (2021-жылдын 18-октябрынна чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырат. Шайлоо талаш-тартыштарын кароо тартибин караштырганда, шайлоо комиссиялары тарабынан мыйзам бузуу учурларын кароону, кароонун схемасы жана тартиби, арыздын предмети, даттануулар деталдуу түрдө изилденди. Ошентип, шайлоо мыйзамдарында жана Кодекстин 44-47-беренелеринде каралган белгилер аныкталган учурда, шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте каралууга тийиш, Жумушчу топтун чечими сунуштама мүнөзгө ээ жана комиссиялардын жыйынына багытталат. Кодекстин 42,43,48-беренелеринде каралган бузуулардын белгилери аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (БШКнын кызматкери жана (же) АШК, ОШКда БШКнын атайын өкүлү) кароосуна жөнөтүлүшү керек, бузуу жөнүндө протокол түзүлөт. Андан ары, каршы болгон учурда, Кодекске ылайык жаза колдонуу үчүн комиссияга жолдомо, ал эми бузууну моюнга алган учурда – бузуулар жөнүндө токтом боюнча айып төлөө. Окутуунун чоң блогу талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржы айкындуулугуна, анын ичинде талапкерлердин жана партиялардын жарандар жана юридикалык жактар ​​менен эсептешүүлөрүнө арналган. Ошентип, жарандар жана укуктук жактар аткаруучу акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаз, кабыл алуу-өткөрүү актысы ж.б. тапшырыкчы жана аткаруучунун колу коюлган) таризделүүгө тийиш. Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш. Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр тапшырыкчы (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга коштомо кагаз(накладной) документтери менен ырасталууга тийиш. Ошондой эле катышуучуларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана анын бузуулары үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрдү
06.10.2021

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга КР БШК мүчөсү К. Маматов, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.  Жалал-Абад облусунда 686 364 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде аймакта 7 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №13 - Сузак шайлоо округу, №14 - Жалал -Абад шайлоо округу, №15 - Базар -Коргон шайлоо округу, №16 - Ноокен шайлоо округу, №17 - Аксы шайлоо округу, № 18 - Ала -Бука шайлоо округу, №19 - Токтогул шайлоо округу. Добуш берүү үчүн 452 шайлоо участогу ачык, участкалык шайлоо комиссияларынын 5731 мүчөлөрү тарабынан шайлоого даярдык көрүлөт. Жалал-Абад облусу боюнча маалымдама: №13 Сузак шайлоо округуна Сузак району кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 111 287 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 81. №14 Жалал-Абад шайлоо округуна Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун 4 айыл аймагы кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 106 138 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 58, анын ичинен 25и Жалал-Абад шаарында жана 33ү Сузак районунун 4 айылдык аймагында. №15 Базар-Коргон шайлоо округу Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондорун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 112 932 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 80, анын 65и Базар-Коргон районунда жана 15и Тогуз-Торо аймагында. №16 Ноокен шайлоо округуна Майлуу-Суу шаары жана Ноокен району кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 95 129 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 64, анын 8и Майлуу-Суу шаарында жана 59у Ноокен районунда. №17 Аксы шайлоо округуна Аксы району кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 80 516 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 59. №18 Ала-Бука шайлоо округу Ала-Бука жана Чаткал райондорун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 80 453 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 55, анын 40ы Ала-Букада жана 15и Чаткал районунда. №19 Токтогул шайлоо округу Кара-Көл, Таш-Көмүр, Токтогул районун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 99 909 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 55, анын 35и Токтогул районунда, 11и Таш-Көмүр шаарында жана 9у Кара-Көл шаарында. М. Иманкулов Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи. Штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек: - шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат; - шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат, - шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу зарыл болгон участоктор бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоого катышууга көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин азыр туруктуу болуп калган "Кошунаңды ала кел" акциясын күчөтүү зарылдыгы айтылды. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн, ал эми прокуратура органдарына майыптар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө милдети тапшырылды. Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды. Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана даярдыкка маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы жогорку компетенттүүлүк, жоопкерчилик жана патриоттуулук ак кызматы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү: • санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча: • биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо; • тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү. • укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу; • облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер. КР БШК Маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусунун Ноокат районундагы № 5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
06.10.2021

БШК Ош облусунун Ноокат районундагы № 5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-октябрындагы жыйынында Ош облусунун Ноокат районундагы № 5526 шайлоо участкасынын дарегин Жаш айылы, Ысаков Пазыл көчөсүдө жайгашкан толук эмес орто мектептин эски имаратынан, Жаш айылы, Жаш көчөсү – 5 дарегинде жайгашкан орто мектептин жаӊы  имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды.   Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  тапшырылды.  Токтом Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын шайлоо участкасынын имаратынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык, № 5526 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.    КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 182 184 … 484