Башкы Жаңылыктар Талас шаарындагы шайлоо процессинин катышуучуларына каржылык бузуулар үчүн …

Талас шаарындагы шайлоо процессинин катышуучуларына каржылык бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартууну тааныштырды

05-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында тренинг өткөрдү.  

Иш-чара БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында депутаттыкка талакерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн өткөрүлдү. 

Аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу катышуучуларга КР БШК шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Тологон Айтикеев маалымат берди.

Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо эрежелери тууралуу, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлүүчү саясий партиялар жана талапкерлер кандай документтерди көрсөтүүгө тийиш экендиги айтылды. Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан  берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ документтер кабыл алынгандан тартып 10 календарлык күн ичинде талапкерди көрсөтүү тартибинин, талапкерлердин тизмеси “КР Президентин жана КР  Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын талаптарына  дал келүүсүн текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүп же каттоодон баш тартуусу тууралуу жүйөлүү чечим чыгара тургандыгы айтылды. Аталган текшерүү «Түндүк» электрондук мекемелер аралык карым-катышуу тутумун колдонуу менен ишке ашырылат. 

Бул учурда, эгер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого алуу үчүн тоскоолдук жаратуучу  талапкердин же талапкерлердин тизмесинин документтеринде дал келбөөчүлүктү байкасы, анда документтерди кабыл алгандан кийин 48 саат ичинде саясий партияга, талапкерге  дал келбөөчүлүктөр тууралуу билдирүүгө милдеттүү.   

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык, бир мандаттуу шайлоо округунан ашык же бир эле учурда талапкерлердин тизмесинде жана бир мандаттуу шайлоо округунда каттоого жол берилбейт.   

Тренингдин катышуучуларын шайлоо комиссияларына арыздар, даттануулар менен кайрылуу процедуралары менен тааныштырды, арыздарды кароо процедуралары, мөөнөттөрү тууралуу айтып беришти. Шайлоо фонддорун каржылоо эрежелери жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу эрежелери каралды.  Алсак, талапкердин, саясий партиянын, шайлоо өнөктүгүн референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:

1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири суммадагы акча же башка материалдык каражаттарды берүү;

2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаларга жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;

3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдум демилгесин жылдырууга багытталган, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;    

4) алмаштыруучу адамдар аркылуу мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 193 жана 194-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде каралган жосунду жасаган учурга карата шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын, референдум фондусунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок ошол эле учурда 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат.

Ошондой эле, тренингдин жүрүшүндө катышуучуларына шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мөөнөттөрү жана эрежелери тааныштырылды. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>