Башкы Жаңылыктар Ошто адил жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүдө ЖМКнын жана …

Ошто адил жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүдө ЖМКнын жана блогерлердин салымын талкуулашты

05-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү менен биргеликте USAIDдин колдоосу алдында Ош шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.

Катышуучулар 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты, КР ЖКга шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, шайлоо процессинин жүрүшүндө жарандарга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн эрежелери боюнча билим алышты.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга парламенттик шайлоону даярдоо, анын ичинде шайлоо процессинин катышуучуларын – укук коргоо органдарын, саясий партияларды, талапкерлерди,  банк кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу боюнча КР БШК, ошондой эле бүт республика боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүүчү штабдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Дискуссиянын жүрүшүндө добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноодо аныктыкты камсыздоочу шайлоонун Кыргыз Республикасындагы технологиялуулук белгиленди.

КР БШК төрагасынын айтуусу боюнча алдыдагы  шайлоодо шайлоо процессинин маалыматтык бөлүгү катары региондордогу ЖМКлардын мааниси артууда, себеби жаңы шайлоо тутуму талапкерлерди бир мандаттуу шайлоо округдарынан көрсөтүүнү талап кылат, бул бийликтин шайланма органдарында региондордун өкүлчүлүгүн күчөтөт. Мында ЖМК салт болуп калган маалымдоо иш-милдетинен тышкары, шайлоо мыйзамдарын бузууларды аныктоо жагынан шайлоо процессине дагы байкоо жүргүзө алат.

КР БШК мүчөсү У.Жылкыбаев Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун иши тууралуу айтып, ЖМК жана блогерлер менен кызматташуу багыттарын белгиледи. Ал, ошондой эле, үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана үстүбүздөгү жылы саясий партиялар үчүн улуттук деңгээлде өтүүчү жана бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлигин койгон талапкерлер үчүн региондордун деңгээлинде өтүүчү дебаттарды уюштуруу тууралуу маалымат берди.

Адил жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүдө ЖМКнын  ролу тууралуу медиа эксперт Авланбек Джумабаев өз пикирин бөлүштү. Анын пикири боюнча БШК эң жогорку айкындуулукка умтулууда, бул үчүн маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун курамына көз карандысыз медиа эксперттер тартылды, үгүт жүргүзүүнүн эрежелери боюнча бузууларга байкоо жүргүзүү алардын милдетине кирет.

Тренерлер – КР БШКнын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү, Кыргызстандын журналисттеринин көз карандысыз бирлигинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Наргиза Нанакеева катышуучуларды шайлоо процессинин жүрүшүнө фактчекинг, маалыматтарга байкоо жүргүзүү, жалган маалыматтарды жана фейктерди ажырата билүү каражаттарын пайдаланууга окутушту.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>