Жергиликтүү шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жерде 639 шайлоочу добуш берди

09 апреля 2022

2022-жылы 9-апрелде 3 шаардык, 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү тууралуу мурда арыз берген 730  шайлоочунун ичинен 639  шайлоочу добуш берди. Жалпысынан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүну каалаган шайлоочулардын 87,53%ы добуш берди.

91 адам арыз берип, бирок добуш берген жок, анын ичинде 50 адам участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү келген учурда үйлөрүндө болгон эмес, калган 41 адам башка себептерден улам добуш берген жок.

3 шаардык кеңеш боюнча 455 шайлоочунун ичинен 379у добуш берди, бул 83,29%ды түздү. Анын ичинде:

- Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча – 212  шайлоочунун ичинен 173 шайлоочу добуш берди, бул 81,60%ды түздү.

- Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча – 101 шайлоочунун ичинен 83   шайлоочу добуш берди, бул 82,17%ды түздү.

- Токтогул шаардык кеңеши боюнча – 142 шайлоочунун ичинен 123    шайлоочу добуш берди, бул 86,61%ды түздү.

13 айылдык кеңеш боюнча 275 шайлоочунун ичинен 260ы добуш берди, бул 94,54%ды түздү. Анын ичинде:

- Жалал-Абад облусу боюнча –  51  шайлоочунун ичинен 47    шайлоочу добуш берди, бул 92,15%ды түздү.

- Ысык-Көл облусу боюнча –  9 шайлоочунун ичинен 8  шайлоочу добуш берди, бул 92,15%ды түздү.

- Нарын облусу боюнча –  43 шайлоочунун ичинен  41 шайлоочу добуш берди, бул 95,34%ды түздү.

- Ош облусу боюнча –  118 шайлоочунун ичинен  114 шайлоочу добуш берди, бул 96,61%ды түздү.

- Чүй облусу боюнча –   54  шайлоочунун ичинен  50  шайлоочу добуш берди, бул 92,60%ды түздү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар, алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү