Башкы Жаңылыктар КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, …

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

01-Апр, 2022

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлдү жана КР БШКнын шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына - https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml  жайгаштырылды.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2022-жылдын 7-апрелине чейин кагазга басылып чыгарылып, 84 шайлоо участогуна илинет.

Урматтуу шайлоочулар!

Өзүңүздүн шайлоо участкаңызды тактаныз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Маалымат үчүн: КРдин шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар жана КР мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, КРдин бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 41-абзацы, 12-беренесинин 1-бөлүгү).

Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча биротоло тизмелердеги шайлоочулардын саны 24 889 шайлоочуну, Токтогул шаардык кеңеши 12991 шайлоочуну, Кара-Балта шаардык кеңеши 30968 шайлоочуну, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1 834 шайлоочуну, Кара-Булак айылдык кеңеши 2 175 шайлоочуну, Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 176 шайлоочуну, Александровка айылдык кеңеши 11 365 шайлоочуну, Сокулук айылдык кеңеши 10 954 шайлоочуну, Кара-Жыгач айылдык кеңеши 4 496 шайлоочуну, Көк-Арт айылдык кеңеши 7 309 шайлоочуну, Юсупов айыл кеңеши 16 544 шайлоочуну, Төлөйкөн айылдык кеңеши 16 820 шайлоочуну, Ак-Таш айылдык кеңеши 5 851 шайлоочуну, Тоголок-Молдоко айылдык кеңеши 2 248 шайлоочуну, Казыбек айылдык кеңеши 3 323 шайлоочуну, Кажы-Сай айылдык кеңеши 3 015 шайлоочуну түздү.

Шайлоочулардын жалпы саны 157 958 түздү, алардын ичинен эркектер74 864 же 47,39%, ал эмиаялдар83 094 же 52,61%.

 

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын биротоло тизмеси жөнүндө маалымат

Облус, аймактык шайлоо комиссиялары, шаардык жана айылдык кеңештер

УШКнын саны

Алдын ала тизме 8.02.2022ж.

Контролдук тизме

7.03.2022ж.

Биротоло тизме 30.03.2022ж.

 

 

 

 

 

Жалпы Республика боюнча

84

157562

157820

157958

Чүйоблусу

33

60279

60386

60472

Жайыл АШК

16

30818

30896

30968

Кара-Балта шаардык кеңеши

16

30818

30896

30968

Кемин АШК

6

7204

7195

7185

Жаңы-Алыш айылдык кеңеши

1

1836

1835

1834

Кара-Булак айылдык кеңеши

2

2179

2174

2175

Көк-Ойрок айылдык кеңеши

3

3189

3186

3176

Москва АШК

6

11357

11366

11365

Александровка айылдык кеңеши

6

11357

11366

11365

Сокулук АШК

5

10900

10929

10954

Сокулук айылдык кеңеши

5

10900

10929

10954

Жалал-Абадоблусу

24

49616

49707

49685

Таш-Көмүр АШК

11

24810

24857

24889

Таш-Көмүр шаардык кеңеши

11

24810

24857

24889

Токтогул АШК

5

13061

13091

12991

Токтогул шаардык кеңеши

5

13061

13091

12991

Аксы АШК

3

4475

4479

4496

Кара-Жыгач айылдык кеңеши

3

4475

4479

4496

Сузак АШК

5

7270

7280

7309

Көк-Арт айылдык кеңеши

5

7270

7280

7309

Ош облусу

20

39066

39130

39215

Араван АШК

9

16496

16525

16544

С. Юсупов айылдык кеңеши

9

16496

16525

16544

Кара-Суу АШК

11

22570

22605

22671

Ак-Таш айылдык кеңеши

3

5830

5835

5851

Төлөйкөн айылдык кеңеши

8

16740

16770

16820

Нарын облусу

4

5586

5581

5571

Ак-Талаа АШК

1

2260

2254

2248

Тоголок-Молдо айылдык кеңеши

1

2260

2254

2248

Ат-Башы АШК

3

3326

3327

3323

Казыбек айылдык кеңеши

3

3326

3327

3323

Ыссык-Көл облусу

3

3015

3016

3015

Тон АШК

3

3015

3016

3015

Кажы-Сай айылдык кеңеши

3

3015

3016

3015

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:- Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С. Довлотов жана каржы маселелери боюнча Г.Б. Абылова;- Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Айдаралиева.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда өз жыйынында Жайыл, Москва, Ноокат, Ош, Өзгөн, Аксы, Сузак, Ноокен, Жети-Өгүз, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.         • Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Турсунбекова Бурулкан Курамаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумабек уулу Максатка өткөрүлүп берилди;   *     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сейткулов Аскар Садыковичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Маратбек Бейшеновичке  өткөрүлүп берилди;   *     Ноокат районунун Н. Исанов айылдык  кеңешинин депутаты Маматилла уулу Канназардын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыков Маматали Надировичке   өткөрүлүп берилди;* Ош шаардык  кеңешинин депутаты Кулдышева Гүлсара Кенжеевнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кийинки талапкер Тултемирова Гульфина Токтомушевнага (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Низамидинова Манзурахан Гуламидиновнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юлдашбаев Сирожиддин Хасанбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Закирова Барно Абытовнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тажибаев Абдрахмон Рахматжоновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Эралиев Эгемберди Миталиповичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдибаитов Ниязбек Назаралиевичке өткөрүлүп берилди;* Аксы районунун Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаты Кенжегулов Абдылдабек Кенжегуловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзабеков Жеңишбек Алыбековичке өткөрүлүп берилди;* Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Калимбетов Туратбек Каримовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Тилекеев Ибраим Базарбаевичке өткөрүлүп берилди;* Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Нурматов Талантбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошов Мирлан Ибрагимжановичке өткөрүлүп берилди;* Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шаймолдоев Бакытбек Сагынбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бектенов Эрлан Ишенбаевичке өткөрүлүп берилди;* Баткен шаардык кеңешинин депутаты Шарапова Майсарахан Жаркынбаевнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдразакова Мубаракхан Жолдошовнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Муратов Бактыбек Нишановичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айбашов Анарбай Орозовичке өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Козуева Бүажар Абазовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Хакимов Музаффаржон Турсуналиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саидов Зайдулло Камчинбековичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
30-Окт, 2026

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Кабыл алынган токтомдун негизинде айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:Тиркеме
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Касымбекова Бегайым Каныбековна, Рысалиев Дуйшонбек Сайникеевич, Алтыбаева Аида Сагынбековна, Турдиева Жыпаркүл Курманбековна, Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна, Айтбаева Гулукан Токтоналиевна, Шамшидинов Кубанычбек Рыскулович киргизилди.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Абдуназарова Муяссархон Сайдаматовна жана Худайбердиев Икрамжан Рахимбердиевич менен толукталды.
Кененирээк билүү >>