Башкы Жаңылыктар КР БШК КТТ: 3 шаардык жана 13 айылдык …

КР БШК КТТ: 3 шаардык жана 13 айылдык кеңешти шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору жөнүндө маалымат

10-Апр, 2022

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештерине жана Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо жөнүндө маалымат берди.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жарандар өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар талапкерлерди/талапкерлердин тизмесин көрсөткөн учурдан тартып өз шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүштү.

Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн «РСК Банк» ААКта жана «Айыл Банк» ААКта талапкерлердин жана саясий партиялардын фонддорунун атайын эсептери ачылды. Бул эки банк талапкерлердин жана саясий партиялардын фонддорунун каражаттары боюнча атайын эсеп ачуу, жүргүзүү, эсепке алуу жана отчёттуулук үчүн БШК тарабынан аныкталган банк мекемелеринин тизмегине кирди (БШКнын 2022-жылдын 9-февралындагы № 13 токтому).

Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогул шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоого (93 депутаттык мандат) 13 саясий партиядан 827 талапкер жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын (243 депутаттык мандат) шайлоого 491 талапкер катышууда.

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2022-жылдын 9-апрелине карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы 2 591 925 сом акча каражаттары түшкөн:

 

Шаардык кеңештин аталышы

Түштү

%

Кара-Балта шаардык кеңеши (6 саясий партия)

1 635 725,00

63,11%

Таш-Көмүр шаардык кеңеши (3 саясий партия)

472 100,00

18,21%

Токтогул шаардык кеңеши (7 саясий партия)

484 100,00

18,68%

Бардыгы

2 591 925,00

100%

 

Кайрымдуулук түрлөрү боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жалпы сумма (кайтарып берүүлөрдү жана төлөмдөрдүн коддорун туура эмес көрсөтүүлөрдү эсепке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Кайрымдуулук түрлөрү

Сумма

%%

55221000 - талапкердин жеке каражаттары

732 400,00

28,26%

55222000 - саясий партиянын жеке каражаттары

528 800,00

20,40%

55223000 - жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу

1 193 450,00

46,04%

55224000 - юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугу

0,00

0,00%

Төлөмдөрдүн туура эмес коддору

25 100,00

0,97%

Кайтарып берүүлөр (банк реквизиттерин туура эмес көрсөтүүгө байланыштуу ж.б.)

112 175,00

4,33%

Бардыгы

2 591 925,00

100%

 

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 2 435 165,50 сом сарпталды:

 

Чыгым беренеси

Сумма

%%

10000000 – Кирешелер боюнча мамлекеттик бюджетке төлөмдөр

19 293,00

0,79%

14511900 – Салыктык эмес башка кирешелер (шайлоо күрөөсүн төлөө)

398 000,00

16,34%

41000000 - Төлөмдөр жана товарлар

41 850,00

1,72%

42000000 - Кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, анын ичинде

351 004,50

14,41%

42120000 – Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

1 511,00

0,43%

42131000 – Ижарага төлөө

200 431,00

57,10%

42151000 - Башка кызмат көрсөтүүлөр (маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр)

149 062,50

42,47%

44000000 – Кызматкерлерге эмгек акы төлөө (агитаторлорго, ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жана ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, өкүлдөргө ж.б. эмгек акы төлөө)

91 600,00

3,76%

46000000 - Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү

1 011 737,00

41,55%

Төлөмдөрдүн туура эмес коддору жана кайтарып берүүлөр

521 681,00

21,42%

Бардыгы

2 435 165,50

100,00%

 

Саясий партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 156 759,50 сомду түздү.

2022-жылдын 9-апрелине карата айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы 850 680 сом түшкөн, анын ичинде кайрымдуулук түрлөрү боюнча суммалар (кайтарып берүүлөрдү жана төлөмдөрдүн коддорун туура эмес көрсөтүүлөрдү эсепке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

 

Кайрымдуулук түрлөрү

Сумма

%%

55221000 - талапкердин жеке каражаттары

661 090,00

77,71%

55222000 - саясий партиянын жеке каражаттары

0,00

0,00%

55223000 - жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу

33 150,00

3,90%

55224000 - юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугу

0,00

0,00%

Төлөмдөрдүн туура эмес коддору

151 340,00

17,79%

Кайтарып берүүлөр (банк реквизиттерин туура эмес көрсөтүүгө байланыштуу ж.б.)

5 100,00

0,60%

Бардыгы

850 680,00

100,00%

 

Айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 761 042 сом сарпталды:

Чыгым беренеси

Сумма

%%

14511900 - Салыктык эмес башка кирешелер (шайлоо күрөөсүн төлөө)

441 600,00

58,03%

42000000 - Кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, анын ичинде

51 500,00

6,77%

46000000 - Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

185 900,00

24,43%

Төлөмдөрдүн туура эмес коддору жана кайтарып берүүлөр

82 042,00

10,78%

Бардыгы

761 042,00

100,00%

 

Айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 89 638 сомду түздү.

Шайлоо күрөөсү катары БШКнын депозит эсебине бардыгы 811 000 сом (кайтарып берүүлөрдү эсепке албаганда) түштү:

  • шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардан – 320 000 сом;

  • айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлерден – 491 000 сом.

Маалымат үчүн: Мыйзам ченемдерине ылайык айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партиянын өз каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Мында айлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которүү үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1000 сомду түзөт

Шаардык кеңештердин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү – 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектик суммасы 5000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которүү үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 20 000 сомду түзөт

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө каралган тыюу салууларга туура келбеген жеке жана юридикалык жактар шайлоо фонддорун түзө алышат.

Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана алардагы каражаттарды сарптоо боюнча кыйла кеңири маалыматтарды БШКнын сайтынан көрсө болот (“Талапкерлер жана партиялар/ “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” маалымат ресурсу (же “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо”) (Шайлоо фонду)

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl

 

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>