Башкы Жаңылыктар БШК аймактык шайлоо комиссиялары менен онлайн кеңешме өткөрдү

БШК аймактык  шайлоо комиссиялары менен онлайн кеңешме өткөрдү

06-Апр, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык  шайлоо комиссиялары менен онлайн форматында жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 16 жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо 10-апрелде өтөт. 

Бүгүн – 6-апрелде саат 18:00дө жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктайт. Ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда шайлоочулар жайдан тышкары жерде добуш берүүгө укуктуу. 

Комиссияларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ар бир шайлоо участогу боюнча майыптыгы бар шайлоочулар керектөө картасын ишке ашыруу жана алар добуш берүүгө толук даражада катышуусу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүү (транспорт менен камсыздоо, коштоп жүрүү үчүн ыктыярчыларды ишке тартуу) сунушталды. 

31-мартта БШК "Тизме" мамлекеттик порталына шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады, ал тизме шайлоо өтүүчү участокторго дагы илинди. Шайлоочулардын жалпы саны 157 958 адамды түздү. Жарандар өз шайлоо участогунун номерин 1255 же 119 номерлерине телефон чалуу менен, ошондой эле «tizme.gov.kg» сайтында тактап алса болот. 

Ошондой эле, 1-апрелден тартып борбордук серверге бир учурда жөнөтүүдө үзгүлтүксүз иштөөсүн жана жүктөмүн текшерүү үчүн шайлоо жабдыктары жана байланыш каналдары тесттен өткөрүлүүдө (салт боюнча добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда).

Кеңешмеде комиссияларга шайлоо процессин бузуулар боюнча билдирүү жана арыз түшкөн учурда ыкчам чечим кабыл  алып, маалыматты БШКга жана укук коргоо органдарына жөнөтүү сунушталды. Өз кезегинде ыкчам чара көрүүчү координациялык топ (ЫЧКТ) жана күч тутумдары бузууларга байкоо жүргүзүүнү күчөттү. ЫЧКТ түшкөн бардык билдирүү жана арыздар даттануулар жана бузуулардын реестринде - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh/ жайгаштырылаарын маалымдайт.  

Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча жарандар 1255 номерине телефон чалуу менен кайрыла алышат.

Шайлоочуларга маалымдоо үчүн бардык шайлоо участокторуна мамлекеттик жана расмий тилдерде талапкерлер жана партиялар тууралуу маалыматтар бар плакаттар жайгаштырылды. Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтарды БШКнын «Талапкер» онлайн ресурсунан алууга болот. 

Мында комиссияларга шайлоочуларды шайлоого келип, добуш берүүгө чакыруу үчүн маалыматтык иштерди күчөтүү сунушталды. Өз тарабынан БШК шайлоочулардын добуш берүүгө жигердүү катышуусу үчүн телерадио каналдарда жигердүү чыгып сүйлөөдө. Ушул жумда облустук телеканалдарда шаардык кеңештерге талапкерлигин койгон партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда дебаттар өткөрүлөт.

Добуш берүүбардыгы 16 жергиликтүү кеңеште 84 шайлоо участогунда өтөт.

Шаардык кеңештер:

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши, 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши,

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши,

Айылдык кеңештер:

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши, 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши, 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши, 

Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши, 

Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши, 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери, 

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши, 

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык Кеңеши. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>