Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
01.04.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-апрелинде өткөн жыйналышында Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Кочкорбаев Эламан Жапаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Калганбеков Кумарбек Темирбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Ажыбаев Айбек Өмүржановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Бердигулов Махаратбекке өткөрүп берилди. Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Баяке уулу Болоткандын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Джавчалышев Уран Шакирбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты Каныбек уулу Тимурдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Медербек уулу Адилетке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин депутаты Мамаев Замирбек Дакимовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат айдоочу Кудайбергенов Калыс Шаршенбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Свистуленко Вячеслав Сергеевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Удайчиев Расулбек Акушовичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Дуйшенбай уулу Тилектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат техник Ысабеков Канатбек Алмасбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Ромазанов Рамис Сагитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Табылдиев Уланбек Табылдиевичке өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Боронбаев Абдыбахаб Жолдошовичке өткөрүп берди
01.04.2022

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Боронбаев Абдыбахаб Жолдошовичке өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Боронбаев Абдыбахаб Жолдошовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. КР БШК токтому менен Боронбаев Абдыбахаб Жолдошович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды. Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
01.04.2022

БШК Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышында Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Убукеева Чынара Турдиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чутбаева Шарипа Эшенкүл резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Алай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ч. Убукееванын комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 1-апрелинде  өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
01.04.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 1-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 1-апрель 2022-ж. Убактысы: 11:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Торобаевтин  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ар кандай маселелер: КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайра шайлоонун жыйынтыктары боюнча шайлоо курөөлөр тууралуу маалыматы жөнүндө (баяндамачы – КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу)
Кененирээк билүү >>
КР БШК региондорго шайлоо бюллетендерин жөнөттү
30.03.2022

КР БШК региондорго шайлоо бюллетендерин жөнөттү

2022-жылы 30-мартта “Учкун” ААК имаратында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 68912 бюллетень, айрым айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 89049 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 84 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына – 30926 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 16000и – кыргыз тилинде, 14926сы – орус тилинде. Кемин аймактык шайлоо комиссиясына - 7202 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 7202си – кыргыз тилинде. Москва аймактык шайлоо комиссиясына - 11377 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 2634ү – кыргыз тилинде, 8743ү – орус тилинде. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына - 10940 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 5200ү – кыргыз тилинде, 5740ы – орус тилинде. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына – 24882 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 22882си – кыргыз тилинде, 2000и – орус тилинде. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына - 13104 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 13004ү – кыргыз тилинде, 100ү – орус тилинде. Аксы аймактык шайлоо комиссиясына - 4482 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 4482си – кыргыз тилинде. Сузак аймактык шайлоо комиссиясына - 7286 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 7286сы – кыргыз тилинде. Араван аймактык шайлоо комиссиясына – 16532 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 16532си – кыргыз тилинде. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына - 22625 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 22625и – кыргыз тилинде. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына - 2256 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 2256сы – кыргыз тилинде. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына - 3330 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 3330у – кыргыз тилинде. Тоң аймактык шайлоо комиссиясына – 3019 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 2369у – кыргыз тилинде, 650сү – орус тилинде. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы 157961 бюллетень даярдалды. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мажоритардык тутум боюнча шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалат, анда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу тутум боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт. Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери болгон жумушчу топ “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды. Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери баардык коопсуздук чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорту менен жөнөтүлөт. Жараксыздарын алып салгандан кийин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган 66 килограмм бюллетень жок кылынды. Маалымат үчүн: Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат. Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле Мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары аныкталды
26.03.2022

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 25-мартында өткөн жыйналышында 2022-жылы 27-февралда болуп өткөн № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитти. Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн. № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 106 549 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 29 737 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 27,91 %ды түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 25 талапкерди каттады, алардын баары шайлоого катышты. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгү менен белгиленген бузуулар (добуштарды сатып алуу) жөнүндө укук коргоо органдары берген материалдардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 9-мартындагы № 215 чечими менен талапкер А.Ш. Муртазалиевди каттоо жокко чыгарылган. Бул чечим сот тартибинде даттанылганда, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2022-жылдын 15-мартындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2022-жылдын 22-мартындагы токтому менен күчүндө калтырылган. Маалымат үчүн: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, «Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу. Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат». Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 9-мартындагы №215 чечимин эске алып, талапкер А.Ш. Муртазалиев үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоо бюллетендерин жараксыз бюллетендерге кошуу менен анык эмес деп таанылды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, Атазов Шайлообек Карыбекович № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылды. № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 48 билдирүү, арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко – 24, ЫЧКТга – 24) түшкѳн. Түшкөн бардык билдирүүлөр, арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралып, алар боюнча чечимдер кабыл алынды, жазуу түрүндө жооптор берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
25.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 25-март 2022-ж.                                                           Убактысы: 18.30                                                           Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу тууралуу арыздар боюнча ички иштер органдардын маалыматы жөнүндө (баяндамачы – укук коргоо органдардын жана прокуратуранын өкүлдөрү) 2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.У. Исираилованын арызы жөнүндө  (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары  С. Кудайбердиевди каттоо маселеси боюнча Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин кээ бир депутаттарынын жана «Бакай коому» Аксакалдар кеңешинин (Т. Назаралиев) арыздары жөнүндө (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 5. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан «Жаштар» саясий партиясынын арызы жөнүндө (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК жамааты жакын адамы мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Джурабаева Гульнара Курашбековнага көңүл айтат
24.03.2022

КР БШК жамааты жакын адамы мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Джурабаева Гульнара Курашбековнага көңүл айтат

Жубайы Ж. А. Табалдиев мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Джурабаева Гульнара Курашбековнага КР БШК жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт.  
Кененирээк билүү >>
БШК Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда өтүүчү жергиликтүү кеңештерди шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын бекитти
23.03.2022

БШК Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда өтүүчү жергиликтүү кеңештерди шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда өтүүчү жергиликтүү кеңештерди шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти. Шайлоо бюллетендеринин тексттери б.а. талапкерлердин жана партиялардын тизмектери буга чейин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен бекитилген. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо бюллетендерге төмөнкүлөр киргизилди: Кара-Балта шаарында - 6 партия:   №1 "Ыйман-Нуру" №2 "Күчтүү Коом" №3 "Ишеним" №4 "ЭлАман" №5 "Социал-демократтар" №6 "Альянс".   Таш-Көмүр шаарында - 3 партия:   №1 "Жаштар" №2 "Ынтымак" №3) «Ата-Журт Кыргызстан".   Токтогул шаарында - 7 партия: №1 "Тынчтык" №2 "Мекен ынтымагы" №3 "Ата-Журт Кыргызстан" №4 "Эл Үмүтү" №5 "Ынтымак" №6 "Бирге-Вместе" №7 "Ишеним"   Эскертүү: партиялар шайлоо бюллетендерине чүчү кулакка ылайык жайгаштырылды. Шайлоочуларга маалымдоо үчүн бардык шайлоо участокторуна мамлекеттик жана расмий тилдерде талапкерлер жана партиялар тууралуу маалыматтар бар плакаттар жайгаштырылууда. Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтарды БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан алууга болот. Мында партиялардын талапкерлеринин тизмелери, айылдык кеңештерге талапкерлер, талапкерлердин жана партиялардын программалары, шайлоо фонддоруна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар менен тааныша аласыз.     КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти
22.03.2022

КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-мартында өткөн жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитүүнү жана шайлоо бюллетендерин «Учкун» ААКсында даярдоо ишке ашырууну токтом кылды. КР БШК ошондой эле 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин тексттерин бекитүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин эске алды. Токтом «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №163 токтомун жетекчиликке алып, кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Өзгөн АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
22.03.2022

БШК Өзгөн АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-мартындагы жыйналышында Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акыбаев Калыбек комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозматов Ниязмамат Уванович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү К. Акыбаевдин комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
22.03.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-мартында өткөн жыйналышында Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Сатторов Руфат Исроиловичтин (№8, «Өнүгүү-Прогресс» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жайнаков Руслан Мажитовичке (№10, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаты Богачиев Уланбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер Шеримбаев Нурбек Шабданбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Сыйналапов Бекмурат Кубанычбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Риха» ЖК таразачысы Акынов Айдар-Бек Муратбековичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Асангулов Азамат Айтбековичтин (№4, «Бирге-Вместе» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Акматов Адилет Кубанычбековичке (№10, «Бирге-Вместе» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Шабданбеков Айбек Омуракуновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Омуракунова Жамиля Мелисовнага өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Алышбаев Мекен Дуйшенбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Таштандиев Кайратбек Өмурбековичке өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 22-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
22.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 22-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 22 март 2022-ж. Убактысы: 18:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сүлүктү, Нарын, Ысык-Ата, Каракол жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   3. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   4. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 21-март - Нооруз майрамы менен куттуктоосу!
21.03.2022

КР БШКнын 21-март - Нооруз майрамы менен куттуктоосу!

Урматтуу мекендештер! Жаз майрамы, бакубатчылыктын, берекенин, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун символу - Нооруз майрамы менен кызуу куттуктайбыз! Нечен кылымдарды карытып, бизге жеткен бул майрам биздин рухий маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ал элибиздин жашоосун  жаркын үмүттөр жана аруу тилектер менен байытып, турмушубузда өзгөчө орун ээлөөдө. Байыркы замандан бери Нооруз кыштан кийин жаратылыштын жаңыруусунун, жаздын, жылуу күндөрдүн символу катары кабыл алынып келатат. Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүнкү жаркын майрам - Ноорузда силерге бакыт, чың ден соолук, бакубат жашоо жана бардык изги ишиңерге ийгилик каалайбыз! Үйүңүздөн жакшылык менен мээрим, береке менен токчулук кетпесин! КР Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
20.03.2022

13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

2022-жылдын 21-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык 13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. 13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен округдарда 96 мандат аялдарга резервге калтырылды. 13 айылдык кеңешке бардыгы 515 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 170и – аял талапкер. Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервде калтыруу айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат. 491 талапкер катталды, алардын ичинен 160сы – аял талапкер. Айылдык кеңештерге округдар боюнча талапкерлерди каттоо жөнүндө маалымат:   № Айылдык кеңештин аталышы Шайлоо округдарынын номери жана аталышы УШК саны к Мандат саны Аялдар үчүн резерв (ар бир шайлоо округ боюнча 30 пайыздан аз эмес) ББардык талапкерлер Анын ичинде аялдар       Респ. боюнча бардыгы: 13 а/к 46 52 243 96 491 160   Чүй облусу     Обл. боюнча бардыгы 17 17 75 33 141 49   Москва АШК     Бардыгы: 6 6 21 10 31 13   1 Александровка айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 4 2 5 3   №2 шайлоо округу 1 4 2 4 2   №3 шайлоо округу 1 5 2 6 1   №4 шайлоо округу 1 2 1 6 1   №5 шайлоо округу 1 2 1 5 2   №6 шайлоо округу 1 4 2 6 3   Кемин АШК     Район боюнча бардыгы: 6 6 33 14 61 19     Бардыгы: 1 1 11 4 16 6   2 Жаңы-Алыш айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 11 4 16 6     Бардыгы: 2 2 11 5 17 4   3 Кара-Булак айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 7 3 13 4   №2 шайлоо округу 1 4 2 4 0     Бардыгы: 3 3 11 5 28 9   4 Көк-Ойрок айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 4 2 10 3   №2 шайлоо округу 1 4 2 12 5   №3 шайлоо округу 1 3 1 6 1   Сокулук АШК     Бардыгы: 5 5 21 9 49 17   5 Сокулук айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 4 2 8 3   №2 шайлоо округу 1 4 2 12 4   №3 шайлоо округу 1 3 1 6 2   №4 шайлоо округу 1 5 2 10 4   №5 шайлоо округу 1 5 2 13 4   Ысык-Көл облусу   Тоң АШК     Облус боюнча бардыгы: 1 3 11 4 26 11     Бардыгы: 1 3 11 4 26 11   6 Кажы-Сай айылдык кеңеши №1 Кажы-Сай шайлоо округу 3 11 4 26 11   Ош облусу   Облус боюнча бардыгы: 18 20 83 33 177 61   Араван АШК     Бардыгы: 9 9 31 14 65 26   7 С. Юсупов айылдык кеңеши №1 Октябрь 1 3 1 8 2   №2 Араван 1 4 2 12 5   №3 Победа 1 3 1 4 1   №4 Токтогул 1 4 2 7 3   №5 Бирлик 1 4 2 8 3   №6 Хамза 1 4 2 9 3   №7 Сайдахматов 1 3 1 5 2   №8 Хабиб Абдулла 1 2 1 5 3   №9 Кызыл-Дөбө 1 4 2 7 4   Кара-Суу АШК   Район боюнча бардыгы: 9 11 52 19 112 35     Бардыгы: 3 3 21 7 48 12   8 Ак-Таш айылдык кеңеши №1 Ак-Таш 1 10 3 21 5   №2 Жылкелди 1 9 3 23 5   №3 Барак 1 2 1 4 2     Бардыгы: 6 8 31 12 64 23   9 Төлөйкөн айылдык кеңеши №1 Озгур 1 2 1 3 2   №2 Төлөйкөн 1 5 2 13 5   №3 Учар 1 5 2 18 7   №4 Жапалак 1 3 1 6 2   №5 Кыргызстан 1 4 2 6 2   №6 Дыйкан-Кыштак 3 12 4 18 5   Жалал-Абад облусу   Облус боюнча бардыгы: 6 8 42 14 94 22   Аксы АШК     Бардыгы: 3 3 21 32 7 7   10 Кара-Жыгач айылдык кеңеши №1 Кара-Жыгач 1 10 17 3 3   №2 Сын 1 8 10 3 3   №3 Дардак-Добо 1 3 5 1 1   Сузак АШК     Бардыгы: 3 5 21 7 62 15   11 Көк-Арт айылдык кеңеши №1 Жалгыз Жаңгак 3 10 3 32 7   №2 Жерге-Тал 1 8 3 25 7   №3 Мазар-Булак 1 3 1 5 1   Нарын облусу     Облус боюнча бардыгы: 4 4 32 12 53 17   Ат-Башы АШК     Бардыгы: 3 3 21 8 39 11   12 Казыбек айылдык кеңеши №1 1 8 3 14 4   №2 1 9 3 18 4   №3 1 4 2 7 3   Ак-Талаа АШК     Бардыгы: 1 1 11 4 14 6   13 Тоголок-Молдо айылдык кеңеши №1 1 11 4 14 6     Айылдык кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери 2022-жылы 21-мартта башталды жана мыйзамдарга ылайык добуш берүү башталганга чейин б.а. 2022-жылдын 9-апрелинде саат 08.00дө аяктайт. 2022-жылдын 10-апрелинде 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог өттү
15.03.2022

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог өттү

Бүгүн – 2022-жылы 15-мартта ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП) жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы уюштурган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог өттү. Иш-чарага Республикалык штабдын жетекчиси М. Иманкулов, КР БШК мүчөлөрү, ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы А. Рогов, БУУ тутумунун КРдеги туруктуу координатору О. Ожиелло, БУУнун Өнүктүрүү программасынын КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, USAIDдин КРдеги миссиясынын директорунун м.а. Эндрю Мейбрук, КР ЖК депутаттары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын, шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын, шайлоо талаш-тартыштарын кароонун жана мыйзамдуулукту сактоонун, шайлоо комиссияларынын иштерин, шайлоо тутумунун башка өңүттөрүн жакшыртуу жолдорун талкуулоо коомдук диалогдун максаты болуп саналат. ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов өзүнүн куттуктоо сөзүндө БШК эбегейсиз чоң иштерди аткаргандыгын белгилеп, кыска мөөнөттө кызматкерлер окутуудан өткөрүлгөндүгүн, бир мандаттуу округдардын схемалары жана чек аралары аныкталып, бекитилгендигин, калкка маалымдоо боюнча, деги эле демократиялык шайлоону камсыздоо үчүн башка дагы көп иштер жасалгандыгын кошумчалады. “Сүйлөшүү үчүн бүгүнкү аянтчанын түзүлгөндүгү өтө маанилүү деп эсептейм, себеби бул бизге өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгүнүн оң өңүттөрү менен кемчиликтерин, алган сабактарды ачык талкуулоого, ошондой эле демократияны, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө максатында шайлоо процесстерин андан ары жакшыртуу боюнча алдыдагы чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Анткени шайлоо – бул бир күндүк иш-чара эмес, ал – шайлоого чейин кыйла мурда башталып, шайлоо аяктагандан кийин дагы узакка созулуучу процесс, албетте, анын жыйынтыгы шайлоо процессинин ар бир катышуучусуна жана алардын тыгыз кызматташуусуна жараша болот. Ошондуктан бүгүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, шайлоо комиссияларынын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн көрүп отурганыбыз жана бардык катышуучулардын конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экендиги кубанычтуу”, - деп айтты А. Рогов. “Шайлоо боюнча адистер эң маанилүү иш шайлоолордун ортосундагы мезгилде өтөт деп айтышат. Бул мезгилде биз каталарды оңдоп, өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды чыңдап, начар жактарыбыздан арыла алабыз, ошентип, кийинки шайлоого эки эселенген күч-кубат, билим менен барабыз. Бүгүнкү талкуу – бул бардык деңгээлдеги шайлоону администрациялоонун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун баалоонун, Кыргыз Республикасындагы инклюзивдүү чөйрөнү өңүктүрүү үчүнкалган көйгөйлөрдү түшүнүүнүн мыкты жолу. Биргелешип иштөө менен биз Кыргыз Республикасында демократиялык шайлоону мындан ары дагы бекемдөөгө көмөктөшө алабыз. Мен демилге көтөргөндүгү үчүн БШКга, бардык чогулгандарга ушул маанилүү талкууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз акыркы эки жылдын тогошунда ар кандай деңгээлдеги шайлоону уюштуруусуна БШКга колдоо көрсөттүк, ал эми шайлоолордун ортосундагы мезгилде Комиссиянын институциялык дараметин чыңдоого колдоо көрсөтүүнү улантабыз”, - деп белгиледи USAIDдин КРдеги миссиясынын директорунун м.а. Э. Мейбрук. “Бүгүнкү коомдук талкуу шайлоо тутумун канткенде мындан дагы көбүрөөк жакшыртууга болот жана өлкөдөгү демократиялык башкарууну дагы кантип бекемдесе болот деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүү үчүн мүмкүндүк түзөт. Бүткүл циклдын мезгилинде БШК менен биргеликте күчтүү жана конструктивдүү роль ойногон жарандык коомдогу өнөктөштөрүбүзгө мен ыраазычылык айтам. Бул өнөктөштүктү мындан ары дагы өнүктүрө алаарыбызга мен ишенемин”, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен. КР БШК төрагасы коомдук диалогдун катышуучуларын өткөн парламенттик шайлоодогу шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү жана жаңылыктары менен тааныштырды (КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу презентацияны бул жерден көрсө болот). 2021-жылы бардык деңгээлдерде шайлоо жана эки референдум өткөрүлдү. Жыл мазмундуу болду. 2021-жылдын ноябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин Кыргызстанда саясий жактан турукташтыруу процессинин аяктоочу маанилүү этабы болуп калды. 2021-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөрдүн натыйжасында ЖК депутаттарынын сандык курамы кыскарып, 90 адам болду, КР ЖКнын ыйгарым укуктары өзгөрдү. Кабыл алынган жаңы Конституцияны ишке ашыруу үчүн парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөрткөн мыйзам иштелип чыгып, 2021-жылы июлда кабыл алынды, ал депутаттарды аралаш тутум менен шайлоону карайт. Шайлоо тажрыйбасына байланыштуу добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурска каршы натыйжалуу аракеттенүү боюнча Президент жана Өкмөт тараптан кадамдар жасалгандыгын белгилөө керек. Бул иш бара-бара натыйжалуулугу артуу менен 2021-жылдагы бардык шайлоо процесстеринин жүрүшүндө улантылды. Өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин аркасында, укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун жана жарандардын, ЖМКлардын күч-аракеттеринин аркасында бул багытта олуттуу алга жылууга жетишүүгө мүмкүн болду. Республикалык штаб жана Өкмөт, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн жакшы жардам – материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча бардык зарыл чаралар өз убагында жана сапаттуу көрүлгөндүгүн белгилөө керек. Президенттик, парламенттик, жергиликтүү шайлоолорду жана референдумду биргелешип даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик органдар – Жогорку Кеңеш, Өкмөт, сот жана укук коргоо органдары, жергиликтүү администрациялар жана ЖӨБ гана эмес, ошондой эле жарандык коомдун уюмдары, эксперттер жамааты жана Кыргыз Республикасынын ЖМКлары жигердүү иштеди, бул шайлоодо БШК алар менен өзгөчө жигердүү жана жемиштүү кызматташты. КР Боршайкому эл аралык өнөктөштөргө – БУУӨПкө, Евробирликке, Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигине, ЕККУга, Япониянын, Кореянын, Германиянын, Швейцариянын өкмөттөрүнө, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондуна жана ЮСАИДге, КМШ ПААнын парламентаризм институтуна, УДИге, ЭРИге жана өлкөнүн шайлоо чөйрөсүндө демократиялык тутумду куруу боюнча муктаждыгына сезгич мамиле кылган жана шайлоо процессин демократиялык нукта реформалоонун бардык этаптарында мурда дагы, ушул парламенттик шайлоонун жүрүшүндө дагы маанилүү колдоо көрсөткөн башка өнөктөштөргө айрыкча ыраазычылык билдирди. Мурдагы жана азыркы шайлоо өнөктүктөрүн уюштурууда бардык деңгээлдерде шайлоо комиссияларынын 30 миңден ашык мүчөсүнөн турган чоң команда иштегендиги тууралуу диалогдун катышуучуларына маалымат берилди. Дээрлик 2,5 миң участкалык жана 36 округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн жарандык озуйпасына кесипкөй жана жоопкерчиликтүү мамилеси шайлоонун туруктуулугуна, аныктыгына жана ачык-айкындуулугуна жетишүүдө негизги ролдордун бирин ойноду. Шайлоонун жыйынтыгы шайлоо мыйзамдары мындан ары дагы өркүндөтүлүшү керектигин айгинеледи, жол-жоболордогу чараларды өркүндөтүү, программалык жана техникалык жактан жаңылоо зарыл экендиги белгиленди. Укук маданиятын, жарандык билим берүүнү жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү өзгөчө бышып жетилди. “Кийинки шайлоо циклы 2025-жылы бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоодон башталат, андан кийин 2026-жылы – парламенттик, 2027-жылы президенттик шайлоо өткөрүлөт. Шайлоолордун ортосундагы мезгилде мыйзам чыгаруу, уюштуруучулук, техникалык, маалыматтык жана билим берүү мүнөзүндөгү иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн бизде жана силерде убакыт бар”, - деп айтты Н. Шайлдабекова. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб көргөн чаралар тууралуу Республикалык штабдын жетекчиси М. Иманкулов баяндап берди. “Шайлоо – бул олуттуу саясий иш-чара. Шайлоону уюшкандыкта өткөрүү үчүн, шайлоо ачык-айкын жана мыйзам алкагында өтүшү үчүн шайлоо комиссияларына көмөктөшүү менен мамлекет мүмкүн болушунча көп күч-аракет жумшоосу керек. Ушул максатта 2021-жылы 30-сентябрда Министрлер Кабинетинин башчысынын тескемеси менен парламенттик шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү, уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды камсыздоо үчүн штаб түзүлгөн. Өткөн КР ЖК депутаттарын шайлоодо мамлекеттик органдын бир дагы кызмат адамы добуш берүүнүн натыйжасына таасир эте албоосу үчүн бүт күч-аракетибизди жумшагандыгыбызды белгилегим келет”, - деди ал. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө баяндама менен “Жалпы иш” коомдук фондунун директору А. Суйундуева чыгып сүйлөдү. Ал төмөнкүлөрдү белгиледи: фонддун 2021-жылы ноябрда өткөрүлгөн изилдөөсүнө ылайык “калктын ЖК депутаттарын шайлоого ишеним индекси” төмөнкүдөй: суралгандардын 39.8%ы жарандардын парламенттик шайлоодо добуш берүүгө келүүсүнүн төмөндүгүн калктын адилдигине ишенбөөчүлүгү менен түшүндүрүштү, 31.6%ы анын себебине баа берүүдө арсар экендигин белгилешти, 7.6%ы татыктуу талапкерлердин жоктугу менен түшүндүрүштү, 6.8%ы №2 форманын жокко чыгарылгандыгы себеп болгондугун айтышты жана 4.5%ы шайлоочуларды сатып алуу болбогондугун белгилешти. Шайлоодо мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратурасынын кызматкерлери чыгып сүйлөштү. Шайлоо алкагында сот чечимдери боюнча диалогдун катышуучуларына сот органдарынын өкүлдөрү маалымат берди. Коомдук диалогдун экинчи бөлүгүндө жумушчу топторунда шайлоону уюштурууну өркүндөтүү, шайлоочулардын жана талапкерлердин укуктарын ишке ашырууга шарт түзүү, жалпысынан шайлоо процессинин айкындуулугун арттыруу үчүн мыйзам чыгаруу, программалык-техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык деңгээлде көрүүгө зарыл болгон чаралардын планы талкууланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 147 149 … 485