Башкы Жаңылыктар КР БШК КТТ билдирет: Талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн …

КР БШК КТТ билдирет: Талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн 5,6 млн. сомдун 4,2 млн. сомун БШК республикалык бюджеттин кирешесине чегерет

01-Апр, 2022

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоону өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозит эсебине түшкөн сумма, талапкерлерге кайтарылууга тийиш болгон шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш болгон калган сумма жөнүндө маалымат берет.

Шайлоо өнөктүгү мезгилинде талапкерден БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 5 600 000 сомду (56 талапкердин ар биринен 100 000 сомдон) түздү.

1. Шайлоо күрөөсүн төккөн 56 талапкердин ичинен БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты, төрт талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин берген арыздарына ылайык шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Мыйзам ченемдерине ылайык бул беш талапкерге кайтарылып берилген шайлоо күрөөсүнүн суммасы 500 000 сомду түздү. Андан тышкары, бир талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты жана шайлоо процессинин эрежелерин бузгандыгы үчүн БШК бир талапкерди каттоону жокко чыгарды. Бул учурда ал төккөн 200 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 900 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алган жана өз фондусунун каражаттарынын өлчөмү жана ага түшкөн каражаттардын бардык булактары, ошондой эле бардык чыгымдар тууралуу жыйынтык каржы отчётун тапшырган төмөнкү он талапкерге кайтарылып берилет:

№

Талапкердин Ф.А.А.

Шайлоочулардын добуштарынын %ы

Шайлоо күрөөсүнүн суммасы, сом

 

№ 27 Биринчи май шайлоо округу

 

 

1

Тотонов Нурбек Темирбекович

18,43%

100 000

2

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

47,97%

100 000

3

Токтакунов Нурбек Акбарович

5,55%

100 000

 

№ 29 Свердлов шайлоо округу

 

 

4

Хакимходжаев Зуфар Шавкатович

7,96%

100 000

5

Атазов Шайлообек Карыбекович

18,10%

100 000

6

Алканова Элнура Сайдиракмановна

10,18%

100 000

7

Алмаз уулу Аскар

14,06%

100 000

8

Карамушкина Ирина Юрьевна

10,23%

100 000

9

Салянова Аида Женишбековна

5,71%

100 000

       

 

БАРДЫГЫ

 

900 000

 

Ошентип, шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозит эсебине түшкөн 5 600 000 сомдун ичинен:

- талапкерлерге кайтарып берүү үчүн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 1 500 000 сомду түзөт (1 000 000 сом – добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 500 000 сом – шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тарткандарга),

- республикалык бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн жалпы суммасы 4 200 000 сомду түзөт (анын ичинде 200 000 сом суммасы шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкердики жана шайлоо процессинин эрежелерин бузган талапкердики).

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16 жана 16-1-бөлүктөрүнө ылайык: шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге “төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:

1) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайызообан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;

2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга;

4) шайлоо жараксыз деп таанылган учурда;

4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.

Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш”.

Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берген күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарган учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган учурда талапкер, саясий партия тарабынан коюлган шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет.

 

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>