10.04.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 10-апрелинен 20-апрелине чейин административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2026-жылдын 10-апрелинен 20-апрелине чейин административдик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

- Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;

- жаш курагы 21 жаштан төмөн болбошу зарыл;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү (2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес;

– компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү;

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

Төмөнкү жалпы мыйзамдарды билүүсү керек:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;

- мыйзамда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулук.

Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:

1) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

2) “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

3) “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

4) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин;

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

6) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

7) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

8) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

9) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин.

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Юриспруденция багыты боюнча

(укуктук камсыздоо боюнча эксперт)

- жогорку юридикалык билим.

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

(коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу)

- жогорку кесиптик билим (юриспруденция, экономика, башкаруу).

- коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сертификаттардын болушу артыкчыльк болуп саналат.

Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча (шайлоо уюштуруу боюнча эксперт, шайлоо комиссиялары менен өз ара аркеттенүү жана методология боюнча эксперт)

- ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Программалоо багыты боюнча (шайлоо жабдууларын эксплуациялоо боюнча эксперт, программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу боюнча эксперт )

- Маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу багыты боюнча жогорку техникалык билим.

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Маалыматтык коммуникациялык технологиялар багыты боюнча
(Базар-Коргон, Өзгөн, Түп аймактык шайлоо комиссияларындагы системдик администраторлор )

- ар кандай профилдеги жогорку билим. Маалыматтык система, маалыматтык коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү билим артыкчылыктуу болуп саналат.

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Финансы жана экономика багыттары боюнча (пландаштыруу, эсеп жүргүзүү жана отчкттуулук боюнча эксперт)

- финансы жана экономика чөйрөсүндөгү жогорку билим.

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Конкурска катышууну каалаган конкурсанттар электрондук форматта
“Е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу же кагаз түрүндө төмөнкү документтерди берүү менен арыз бере алышат:

1) конкурстук комиссиянын төрагасынын атына өзүнүн арызы;

2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү (3х4, 4х6);

3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жөнүндө күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү);

4) паспортунун көчүрмөсү;

5) аскердик билеттин көчүрмөсү;

6) тиркөө папкасы (документтер үчүн).

Документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумуш күнүн эске алуу менен 2026-жылдын 10-20 апрелин кошуп алганга чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу - саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат.

Толук эмес документтерди тапшырган, ошондой эле коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катыштырылбайт.

Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот.