12.01.2018. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бош мамлекеттик административдик кызмат орундарды.......

2018-жылдын 12-январынан 25-январына чейин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бош мамлекеттик административдик кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жарыялайт

1. Маалыматтык - коммуникациялык технологиялары башкармалыгынын начальниги (1 бош орун);

2. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (1 бош орун);

3. Маалымат бөлүмүнүн башчысы (1 бош орун);

4. Окутуу жана шайлоо процесстин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү борборунун директору (1 бош орун);

5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгынын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн эксперти (4 бош орун);

6. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (1 бош орун);

7. Документтик камсыздоо бөлүмүнүн эксперти (котормочу) (1 бош орун).

Аймактык шайлоо комиссияларындагы БШКнын атайын өкүлдөрү:

8. БШКнын Ак-Суу АШКсындагы атайын өкүлү (1 бош орун);

9. БШКнын Аламүдүн АШКсындагы атайын өкүлү (1 бош орун);

10. БШКнын Жумгал АШКсындагы атайын өкүлү (1 бош орун);

11. БШКнын Баткен АШКсындагы атайын өкүлү (1 бош орун);

12. БШКнын Жайыл АШКсындагы атайын өкүлү (1 бош орун).

Аймактык шайлоо участкаларындагы системалык администраторлору:

13. БШКнын Бишкек АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун);

14. БШКнын Токмок АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун);

15. БШКнын Сокулук АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун);

16. БШКнын Панфилов АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун);

17. БШКнын Аламүдүн АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун);

18. БШКнын Түп АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун);

19. БШКнын Кара-Суу АШКсындагы системалык администратору (1 бош орун).

Конкурска катышуу үчүн зарыл документтер:

-Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын конкурстук комиссиянын төрагасы Б.С. Жумагуловго наамына жеке арыз (бош кызмат орунду так көрсөтүү менен);

-Кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-Керектүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтердин нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы менен күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн);

-Паспорттун көчүрмөсү;

-Сунуш кат;

-Скоросшиватель (документтер үчүн тикме папка).

Документтер 2018-жылдын 12-январынан 25-январына чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жумасында беш күн иш күндөрү экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 720040, Бишкекш., Раззаков көчөсү 59, №203 каб.

Кошумча маалымат алуу үчүн 66-58-60 телефон аркылуу (мамлекеттик кызмат жана кадр иштери бөлүмүнө) кайрылсаңыздар болот.