02.10.2019. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кадрлардын...
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кадрлардын ички жана улуттук резервдеринен бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын административдик мамлекеттик кызмат орундарына карата коюлган
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына карата коюлган жалпы квалификациялык талаптар:
Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1. Билүүсү керек:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш 2016-жылдын 19-августунда бекиткен №43 “Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин”.
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютердик жана уюштуруу техниканы, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Бөлүм башчысы - 1 (орун). (Б-А):
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
- эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциясы:
Билүүсү керек:
- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын;
- “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин;
- адам ресурстарын башкаруу жаатын.
Билгичтиктери:
- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- башкаруу проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандардын ортолорунда баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;
- өз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Көндүмдөрү:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы ыкмаларын жана тариздерин издөө);
- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- шайлоо өнөктүгүндө иш тажрыйбасы;
- ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.
Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмү
Эксперт - 2 (орун), (У-А):
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
- техникалык профилдеги кесиптик жогорку билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциясы:
Билүүсү керек:
- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын;
- “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин.
Билгичтиктери:
- маалыматты топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны тажрыйбада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- маалыматтык тутумдарды иштетүү боюнча;
- маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо боюнча;
- операциялык тутумдарды, офистеги жана перифериядагы шаймандарды орнотуу, иштетүү, колдоо;
- локалдык түйүндөрдү уюштуруу жана иштетүү, CISCO шайманын иштетүү, VPN (IPSec, PPTP) каналдарын түзүү;
- телефонияны уюштуруу, офистеги АТСтерди иштетүү;
- MSWindowsServer, NIX тутумдарынын базасында серверлерди иштетүү жана колдоо;
- ActiveDirectory, почта серверлерин, веб серверлерди администрациялоо;
- маалыматтык тутумдарды иштетүү, маалыматтардын коопсуздугун уюштуруу;
- MicrosoftWindows чөйрөсүндөгү пайдалануучуларга колдоо көрсөтүү;
- ОС NIX базасында серверлерди иштетүү жана колдоо.
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
Конкурска катышуу үчүн зарыл документтер:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын конкурстук комиссиясынын төрагасы М.А. Конурбаевдин наамына жеке арыз (бош кызмат орунду так көрсөтүү менен);
- Кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
- Керектүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтердин нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы менен күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн);
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Сунуш кат;
- Көктөмө (документтер үчүн тикме папка).
Документтер 2019-жылдын 2-октябрынан 8-октябрына чейин (саат 9:00дөн 18:00гө чейин) жумасында беш күн иш күндөрү экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50, №201 каб.
Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефон аркылуу (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылсаңыз болот.
Талапкерлерге коюлган талаптар боюнча кеңири маалыматтарды БШКнын жана Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайттарынан аласыз ( http://www.shailoo.gov.kg/ же http://www.mkk.gov.kg/)