02.09.2017 №62 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 1-сентябрын

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин
7-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичти колдогон шайлоочулардын 33 461 колу бар кол коюу барактарын кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускаманын (мындан ары – Нускама) V главасынын негизинде берилген колдордун ичинен текшерүү үчүн капилет ылгоонун (чүчүкулактын) натыйжалары боюнча колдордун 20%ы ылгап алынган, бул 6 692колду түздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жумушчу топ Нускаманын 57-пунктунун
1-абзацында (бир адамдын ордуна башка адам койгон шайлоочунун колу), Нускаманын 57-пунктунун 5-абзацында (шайлоочу жөнүндө маалыматтарды кол коюу барагына шайлоочу өз колу менен жазган эмес), 57-пунктунун 8-абзацында (бардык зарыл маалыматтарды көрсөтпөстөн шайлоочунун колу), Нускаманын 58-пунктунун 1-абзацында (активдүү шайлоо укугуна ээ болбогон адамдын колу) белгиленген бузууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерАсанбеков Темирбек Ишенбаевичти колдогон шайлоочулардын 4 512 ишенимсиз жана жараксыз колун тапкан.
Нускаманын 64-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын зарыл сандагы колун (30 миңден кем эмес) аныктоо үчүн Жумушчу топ шайлоочулардын колдорунун 20%ын текшерүүнүн натыйжалары боюнча табылган жараксыз жана ишенимсиз колдордун санын 5ке (бешке) көбөйтөт жана ишенимсиз жана жараксыз колдордун алынган жалпы санын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган шайлоочулардын колдорунун жалпы санынан кемитет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Жумушчу топтун 2017-жылдын 1-сентябрындагы протоколу тарабынан тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичти колдогон шайлоочулардын берилген 33 461 колунун ичинен шайлоочулардын 22 560  колу ишенимсиз деп, шайлоочулардын 10 901 колу жараксыз деп табылды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» 2017-жылдын 1-сентябрындагы протокол бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 2-сентябры
№ 62