№ 5 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо укуктук, уюштуруу-усулдук жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,9-пунктуна, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” № 109 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2015-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 36 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги, “Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2015-жылдын 27-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгы менен дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө укуктук, уюштуруу-усулдук жана техникалык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү айылдык кеңештерге тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 4-майы
№ 5
2015-жылдын 4-майында жарыяланды
КРнын БШКнын
2015-жылдын 4-майындагы № 5
чечиминин
тиркемеси
2015-жылдын 17-майындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу бекитилген КР БШКсынын мүчөлөрүнүн тизмеси
№ |
Айылдык кеңешинин аталышы |
УШКнын саны |
КР БШКсынын мүчөсүнүн аты жөнү |
Эскертүү |
Ош облусу Кара-Кулжа району |
||||
1. |
Кенеш |
2 |
Асаналиев Алмаз Турдакунович |
|
Алай району |
||||
2. |
Конур-Дөбө |
2 |
Шайымкулова Айнура Токтогуловна
|
|
3. |
Кабылан-Көл |
2 |
Бекбасаров Рашид Бердибаевич |
|
Кара-Суу району |
||||
4. |
Сары-Колот |
4 |
Ашимов Нурмамат |
|
5. |
Отуз-Адыр |
7 |
Баатырова Гулнара Маришовна |
|
Ноокат району |
||||
6. |
Н.Исанов |
6 |
Бапанова Джаркын Базановна |
|
7. |
Көк-Бел |
3 |
Акматов Женишбек Аманбекович |
|
Баткен облусу Баткен району |
||||
8. |
Самаркандек |
5 |
Баялинов Абдысамат Джылтырович |
|
9. |
Аксай |
4
|
|
|
10. |
Актатыр |
3 |
|
|
Талас облусу Кара-Буура району |
||||
11. |
Шекер |
2 |
Азиз Канатбек
|
|
12. |
Бейшеке |
3 |
|
|
13. |
Бакыян |
1
|
|
|
Нарын облусу Жумгал району |
||||
14. |
Көк-Ой |
3 |
Кадырбеков Ишенбай Дюшенбиевич |
|
Чүй облусу Жайыл району |
||||
15. |
Кызыл-Дыйкан |
2 |
Джурабаева Гульнар Курашбековна |
|