№ 99 «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

2020-жылдын 27-августунда «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясы мурда дайындалган каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Разаева Айсулуу Абдыкадыровнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы №29 чечими менен катталган «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан Арзымбаева Чынара Кыясовнаны каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Арзымбаева Чынара Кыясовнага берилген № 30 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Разаева Айсулуу Абдыкадыровна катталсын.

4. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  Б.С. Кадыровго жүктөлсүн.

Төрага                                                    Н. Шайлдабекова

    

Бишкек ш., 2020-жылдын 28-августу
№ 99