№ 97 «Социал-Демократтар» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

2020-жылдын 24-августунда «Социал-Демократтар» саясий партиясы мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Алманбетов Алтынбек Маратовичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 39 чечими менен катталган «Социал-Демократтар» саясий партиясынан Касымбеков Нурбек Айтыевичдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Социал-Демократтар» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Касымбеков Нурбек Айтыевичке берилген № 34 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Социал-Демократтар » саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Алманбетов Алтынбек Маратович катталсын.

4. «Социал-Демократтар» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун мүчөсү Б.С. Кадыровго жүктөлсүн.

       

Төрага                                                            Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 27-августу

№ 97