27.08.2020 № 95 Тартип-Порядок» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
2020-жылдын 24-августунда «Тартип-Порядок» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Тартип-Порядок» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июлундагы № 49 чечими менен катталган «Тартип-Порядок» саясий партиясынан Ордобаева Айгуль Тимуровнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Черикчиева Гульназ Маликовнанын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Тартип-Порядок» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ордобаева Айгуль Тимуровнага берилген № 67, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Черикчиева Гульназ Маликовнага берилген № 68 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 27-августу
№ 95