№ 92 Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясынын

билдирүүсү жөнүндө

          

 

2020-жылдын 21-августунда Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

           1. Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июлундагы № 37 чечими менен катталган Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясынан Жумагулов Бакытбек Сатымбайевичдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Абдыкеева Бермет Сартбаевнанын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргызстандын «Таза коом» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Жумагулов Бакытбек Сатымбайевичке берилген № 43, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абдыкеева Бермет Сартбаевнага берилген № 44 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Б. С. Кадыровго жүктөлсүн.

 

               Төрага                                                               Н. Шайлдабекова

 

 Бишкек ш., 2020-жылдын 24-августу

 № 92