№ 91 “Бүткүл жаштар саясий партиясы” саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

“Бүткүл жаштар саясий партиясы” саясий партиясынын

билдирүүсү жөнүндө

          

2020-жылдын 23-августунда “Бүткүл жаштар саясий партиясы” саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

           1. “Бүткүл жаштар саясий партиясы” саясий партиясы 2020-жылдын                4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 27-июлундагы № 62 чечими менен катталган “Бүткүл жаштар саясий партиясы” саясий партиясынан Топчубаев Эргешбайдын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Ахматова Аделя Абубакировнанын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, “Бүткүл жаштар саясий партиясы” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Топчубаев Эргешбайга берилген № 90, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ахматова Аделя Абубакировнага берилген № 91 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Б. С. Кадыровго жүктөлсүн.

 

            Төрага                                                                    Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-августу

 № 91