24.09.2017 №85 М. С. Арымбаеванын арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) 2017-жылдын 19- сентбярында жаран Арымбаева Майя Сатыбалдиевадан (мындан ары- арыз ээси) кир.№ 01-11/2203 арыз келип түшкөн.
Арызында М.С. Арымбаева 2017-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Ө.Т. Бабановдун Бишкек ш., Месарош көчөсүндөгү мурдакы “Европласттын” имаратында жайгашкан штабынын Алмаз аттуу начальниги менен шайлоочулар арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жөнүндө келишим (оозеки) бекиткенин көрсөткөн. Арыз ээси ага ал барууга милдеттүү болгон айрым участкаларды кыдырып чыгуу жана бир жумада Бишкек шаары боюнча 50 адамды 2-форма боюнча кошумча шайлоо участокторуна каттоо тапшырылганын белгилеген. Арыз ээси өз кезегинде тапшырманы 5 күндүн ичинде аткарган, керектүү тизмени Ө.Т. Бабановдун жактоочуларынын паспортторунун көчүрмөсү жана алардын колтамгалары менен жеке маалыматтарын берген. Отчетту берген арыз ээси аткарылган иштин акысын төлөп берүүнү өтүнгөн, бирок убада кылынган акча каражатын төлөп бербей, аны Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Ө.Т. Бабановдун штабынан айдап чыгышкан.
Арыздагы талабында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссисиясынан аткраган иши үчүн акысын алууга жардам берүүнү өтүнгөн жана эки майып баласы бар экенин, МЖӨСнын жатаканасында жашай турганын көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Ө.Т. Бабановдун штабынын аталган кызматкерлерин караштырып тартипке чакырууну өтүнгөн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун жыйналышында арыз ээси арыздагы өз талаптарын колдогон.
Жумушчу тобунун жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү О.Т. Ирискулбеков берилген арыз туурасында жаңы эле билгенин жана аталган маселени териштирүү боюнча чараларды көрө турганын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине ылайык, жарандык мыйзамдарды жарандык айлануунун катышуучуларынын укуктук абалы аныктай турганын белгилейт. Демек, аталган маселени жөнгө салуу Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирбейт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. ЖаранАрымбаева МайяСатыбалдиевнанын арызын канааттандыруудан – баш тартылсын.
2. Арыз ээсине жарандык укуктарын калыбына келтирүү үчүн тийиштүү органдарга кайрылуу сунушталсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунунжетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 24 –сентябры
№85
Бишкек ш., 2017-жылдын 24 –сентябры
№85