№8 “Өнүгүү-Прогресс” cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен К.А.Дуйшеевди чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Дуйшеев Карыбек  Арстанбековичтен түшкөн жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Дуйшеев Карыбек Арстанбекович чыгарылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 68 чечими менен талапкер Дуйшеев Карыбек  Арстанбековичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3.Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.Бул чечимдин аткарылышын  контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага                                                   Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2019-жылдын 26-июлу
№8