№ 78 «Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

2020-жылдын 17-августунда «Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда сунуш кылган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

         1. «Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

         2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 28 чечими менен катталган «Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы» саясий партиясынан Асанбеков Мелисбек Асанбековичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Самакова Гулжан Жолдошбековнанын каржы маселелери боюнча ыйгарым өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

         3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Асанбеков Мелисбек Асанбековичке берилген № 27, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Самакова Гулжан Жолдошбековнага берилген № 28 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

         4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

         5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                           Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 17-августу

№ 78