17.08.2020 № 74 «Демократ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
«Демократ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
2020-жылдын 11-августунда «Демократ» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда сунуш кылган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Демократ» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 30 чечими менен катталган «Демократ» саясий партиясынан Сейдылдаев Марат Сапаровичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Балабина Елена Юрьевнаны каржы маселелери боюнча ыйгарым өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Демократ» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Сейдылдаев Марат Сапаровичке берилген № 31, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Балабина Елена Юрьевнага берилген № 32 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 17-августу
№ 74