04.09.2017 №71 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябр

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин
7-бөлүгүнө ылайык Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти колдогон шайлоочулардын 51 286 колу бар кол коюу барактарын кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускаманын (мындан ары – Нускама) V главасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген колдордун ичинен текшерүү үчүн капилет ылгоонун (чүчүкулактын) натыйжалары боюнча колдордун 20%ы ылгап алынган, бул 10 257 колду түздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жумушчу топ капилет тандоо аркылуу ылгап алынган шайлоочулардын колдорунун ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти колдогон шайлоочулардын 2 230 ишенимсиз жана жараксыз колдорун тапты.
Нускаманын 64-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын зарыл сандагы колун (30 миңден кем эмес) аныктоо үчүн Жумушчу топ шайлоочулардын колдорунун 20%ын текшерүүнүн натыйжалары боюнча табылган жараксыз жана ишенимсиз колдордун санын 5ке (бешке) көбөйтөт жана ишенимсиз жана жараксыз колдордун алынган жалпы санын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген шайлоочулардын колдорунун жалпы санынан кемитет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» Жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябрындагы протоколунун негизинде, Нускаманын 64-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти колдогон шайлоочулардын 11 150 колу ишенимсиз деп, шайлоочулардын 40 136 колу жарактуу деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобунун маалыматына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин шайлоо фонду 2017-жылдын 28-июнунда ачылган, шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине жана Нускаманын 20-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жол-жобосуна арыздар жана даттануулар келип түшкөн жок.
Нускаманын 50-пунктуна ылайык, кол коюу барактарын капилет ылгоо (чүчүкулак) жана текшерүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Алыбаева Назгүл Эркебаевнанын катышуусунда жүргүзүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колдордун жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө» 2017-жылдын 4-сентябрындагы протокол бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 4-сентябры
№ 71