12.08.2020 № 72 «Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясынын  билдирүүсү жөнүндө

«Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясынын  билдирүүсү жөнүндө

2020-жылдын 11-августунда «Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана мурда сунуш кылган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

ЧЕЧТИ:

1. «Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 22 чечими менен катталган «Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясынан Базалей Анатолий Николаевичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Старостина Лариса Александровнаны каржы маселелери боюнча ыйгарым өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Базалей Анатолий Николаевичге берилген № 15, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Старостина Лариса Александровнага берилген № 16 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                       Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 12-августу

№ 72