№ 69 «Замандаш» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

«Замандаш» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

      2020-жылдын 6-августунда «Замандаш» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Шайымкулова Айнура Токтогуловнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абылова Гульнара Буларбековнаны дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

ЧЕЧТИ:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июлундагы № 50 чечими менен катталган «Замандаш» саясий партиясынан Адамалиев Улан Айылчиевичти шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары, Бектурганова Алия Асановнаны каржы маселелери боюнча ыйгарым өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.
  2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Замандаш» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Адамалиев Улан Айылчиевичге берилген № 69, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Бектурганова Алия Асановнага берилген №70 каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
  3. «Замандаш» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Шайымкулова Айнура Токтогуловна катталсын.
  4. «Замандаш» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абылова Гульнара Буларбековна катталсын.
  5. «Замандаш» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
  6. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
  7. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                        Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 10-августу

№ 69