№ 58 «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

         2020-жылдын 8-июлунда «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясы мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө билдирди жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.А. Имаралиеваны каттоо жөнүндө билдирмесин киргизди, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан Намазова Бурул Тилековнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Намазова Бурул Тилековнага берилген № 29 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Имаралиева Айназик Акматалиевна катталсын.

4.«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А. А. Имаралиевага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

           Төрага                                                                         Н. Шайлдабекова

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9- июлу

№ 58