14.10.2021 № 562 №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 9-октябрындагы XIV съездинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө №2 чечиминин, №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 12-октябрындагы (кириш № 01-14/3317) арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жороев Талантбек Мурзалиевич катталсын.
2. №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жусупбаев Азамат Темирбекович катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 14-октябры
№ 562