№ 47 «Глас народа» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

«Глас народа» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу

өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

         «Глас народа» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

         1. «Глас народа» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Рябкова Ольга Павловна катталсын.

         2. «Глас народа» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Иманканова Разгуль Шерботоевна катталсын.

         3. «Глас народа» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

         4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

            Төрага                                                                        Н. Шайлдабекова  

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-июлу

№ 47