№4 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө

 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деппутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде “Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен Арыков Тимур Дженишбекович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында коомдук байкоочу болуп катталсын.

2.«Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочу Арыков Тимур Дженишбековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н.К. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-марты,

№4