07.07.2020 №36 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларына кайрылуусунун текстин бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларына кайрылуусунун текстин бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ 139 Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген саясий партияларына кайрылуусунун тексти бекитилсин.

  2. Ушул чечим жана кайрылуунун тексти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 7-июлу

№ 36