№36 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга

(бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

№1 «макул» үгүт тобунун 2021-жылдын 16-мартында,№2«макул» үгүт тобунун 2021-жылдын 17-мартында кир. № 01-12/827, №3 «макул» үгүт тобунун 2021-жылдын 17-мартында кир. № 01-12/828, №1 «каршы» үгүт тобунун 2021-жылдын 17-мартында кир. № 01-12/823№1 «каршы» үгүт тобунун 2021-жылдын 17-мартында кир. № 01-12/824жетекчилеринен түшкөн арыздардын,Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын3, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары төмөнкүлөр катталсын:

- Эдигеев Джанат Асылбекович, №1 «макул» үгүт тобу;

- Алмазбекова Айгерим Алмазбековна, №2 «макул» үгүт тобу;

- Бекболсун кызы Айсулуу, №3 «макул» үгүт тобу;

- Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовна, №1 «каршы» үгүт тобу;

- Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовна, №2 «каршы» үгүт тобу;

2. Ушул чечимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-марта

№ 36