№33 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү ниети тууралуу
«
Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-1-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу»‎ Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамын, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Коомар Медиа» коомдук фондунун 2021-жылдын 15-мартындагы (кир.№04-13/796) билдирүүсүнүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүү эске алынсын.

2. Бул чечим аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 16 - марты

№ 33