№13 Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун текстин

Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун текстин бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ 139 Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларына жараша шайлоочуларды, саясий партияларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн жана шайлоо процессинин катышуучуларын маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧТИ:

 

  1. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти бекитилсин.
  2. Ушул чечим жана кайрылуунун тексти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

 

 

                 Төрага                                                                Н. Шайлдабекова

 

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 3-июлу

№ 13