№307 Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга №1 парламенттик республикага «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) 1 парламенттик республикага «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№1 парламенттик республикага «каршы» үгүт тобунун жетекчисинин 2020-жылдын 30-декабрында кир. № 01-12/4099 түшкөн арызынын, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) 1парламенттик республикага «каршы»үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бектур Жанарбек катталсын.

2. №1 парламенттик республикага «каршы» үгүт тобунун ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү күбөлүк берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 31-декабры

№ 307