№303 Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) №1президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) 1президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№1 президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобунун жетекчисинин 2020-жылдын 26-ноябрында кир. № 01-12/4021 түшкөн арызынын, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-декабрындагы299 чечими менен катталган №1 президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Исабеков Максат Суйоркуловичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №1 президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Исабеков Максат Суйоркуловичке берилген №1 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бакыт уулу Бекболоткатталсын.

4. №1 президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобунун ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 28-декабры

№ 303