№302 КРнын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

№ 3 парламенттик республика үчүн «макул», № 6 президенттик республика үчүн «макул», № 7 президенттик республика үчүн «макул», № 8 президенттик республика үчүн «макул» үгүт топторунун жетекчилеринен түшкөн арыздарынын, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын3,7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары төмөнкүлөр катталсын:

- Озубеков Аман Буларович, №3парламенттик республика үчүн «макул» үгүттобу;

- Юсупов Рахматулла Анваржанович, № 6президенттик республика үчүн «макул» үгүттобу;

- Ормошова Замира Каналбековна, № 7 президенттик республика үчүн «макул» үгүттобу;

- Мамбеталиева Майрамкуль Ынтымаковна, №8президенттик республика үчүн «макул» үгүттобу.

2. Ушул чечимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 28-декабры

№ 302