№301 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин 2020-жылдын 22-декабрындагы (кир.№04-13/3914) жолдомосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочу болуп Айтбаева Чинара Жеенбековна катталсын.

2. «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочу Айтбаева Чинара Жеенбековнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                                                                    А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2020-жылдын 26-декабры

№ 301