№299 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары төмөнкүлөр катталсын:

- Муканов Бакыт Кенешович, №1 президенттик республика үчүн «макул» үгүт тобу;

- Табалдиев Алишер Кадырбекович, №2 президенттик республика үчүн «макул» үгүт тобу;

- Мавлянова Мээрим Амангелдиевна, №3 президенттик республика үчүн «макул» үгүт тобу;

- Кубатбекова Гульзар Жалгашбаевна, №4 президенттик республика үчүн «макул» үгүт тобу;

- Исабеков Максат Суйоркулович, №1 президенттик республика үчүн «каршы» үгүт тобу;

- Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовна, №2 бардык варианттарга каршы үгүт тобу;

2. Ушул чечимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-декабры

299