№286 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы №269 чечими менен катталган «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочулар Асылбеков Таалайбек Спартаковичтин, Аалиев Тариэл Муратбековичтин каттоолору жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочулар катары Асылбеков Таалайбек Спартаковичке №1, Аалиев Тариэл Муратбековичке №2 берилген күбөлүктөр анык эмес деп таанылсын.

3. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочулар болуп катталышсын:

- Султанов Махмут Султанович,

- Самаков Бакытбек Таалайбекович.

4. 3-пунктта көрсөтүлгөн «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочуларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 7-декабры

№ 286