№28 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдум (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын текстин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдум (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын тексти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын..

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 14-марты

№28