21.09.2021 №251 №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Насиров Абдижамил Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

№3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Насиров Абдижамил Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 17 сентябрындагы (кириш № Н-355) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Насиров Абдижамил Жусуповичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алимбеков Уланбек Козубаевич катталсын.

2. №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Насиров Абдижамила Жусуповичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Саттаров Өмүрбек Раимбабаевич катталсын.

3. №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңешинин депутаттыгын талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Насиров Абдижамил Жусуповичтин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-сентябры

№ 251