2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII “Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
чечим кылат:
1. 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 25-сентябры
№ 82