Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүнүн, талапкердин өкүлүнүн ырастамасынын, талапкердин ишенимдүү адамынын ырастамасынын, талапкердин байкоочусунун ырастамасынын жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгүнүн формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9, 18, 19, 20 жана 53-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүнүн, талапкердин өкүлүнүн ырастамасынын, талапкердин ишенимдүү адамынын ырастамасынын, талапкердин байкоочусунун ырастамасынын жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгүнүн формалары жана үлгүлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 25-сентябры
№ 83