№ 227 «Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

«Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

 

«Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Дуйшеев Азамат Раимжановичтен, Дыйканбаев Алмазбек Кенешбековичтен, Курманбеков Данишбек Муратовичтен, Кубатов Каныбек Идрисовичтен, Кыдырбаев Улук Асанкарыевичтен, Мырзаканов Кубан Нуржановичтен, Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевичтен, Чыдынов Космосбек Мамажжановичтен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арыздардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Дуйшеев Азамат Раимжановичти, Дыйканбаев Алмазбек Кенешбековичти, Курманбеков Данишбек Муратовичти, Кубатов Каныбек Идрисовичти, Кыдырбаев Улук Асанкарыевичти, Мырзаканов Кубан Нуржановичти, Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевичти, Чыдынов Космосбек Мамажжановичти «Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.

         2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» № 64 чечиминин талапкерлер Дуйшеев Азамат Раимжановичти, Дыйканбаев Алмазбек Кенешбековичти, Курманбеков Данишбек Муратовичти, Кубатов Каныбек Идрисовичти, Кыдырбаев Улук Асанкарыевичти, Мырзаканов Кубан Нуржановичти, Тургунбаев Абдумиталиб Тажибаевичти, Чыдынов Космосбек Мамажжановичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

         3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

                 

                    ТӨРАГА                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА             

    

Бишкек ш., 2020-жылдын 28-сентябры
№ 227