№21 «Өнүгүү-Прогресс» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Мамасалиев Алишер Тургунбаевичти чыгаруу жөнүндө

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Мамасалиев Алишер Тургунбаевичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Мамасалиев Алишер Тургунбаевичти «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылсын.

 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» № 68 чечиминин талапкер Мамасалиев Алишер Тургунбаевичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                         А. БЕКМАТОВ    

Бишкек ш., 2021-жылдын 3-февралы
№ 21