24.09.20№198 «Ордо» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

«Ордо» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

 

Сыдыгалиев Марат Абдыкадыровичтин өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын жана 2020-жылдын 23-сентябрындагы кириш №06/2314 «Ордо» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Ордо» саясий партиясынан 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ишенимдүү адамы болуп Сыдыгалиев Марат Абдыкадырович катталсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-сентябры

№ 198