№ 188 22.09.20 «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

 

Жаныкулов Хамракул Жаныкуловичти, Мамытова Лунара Улукбековнаны, Ахметова Малика Ялкуновнаны, Калиева Сайкал Асангуловнаны, Шакирова Алина Кубанычбековнаны, Таирова Гулжамал Эркебаевнаны, Абдукадырова Мадина Абытовнаны, Айтыева Сабина Рустамовнаны жана Касымова Бермет Данияровнаны 2020-жылдын 22-сентябрындагы кириш № 06/2244, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн  негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде төмөнкү адамдар «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:

- Жаныкулов Хамракул Жаныкулович;

- Мамытова Лунара Улукбековна;

- Ахметова Малика Ялкуновна;

- Калиева Сайкал Асангуловна;

- Шакирова Алина Кубанычбековна;

- Таирова Гулжамал Эркебаевна;

- Абдукадырова Мадина Абытовна;

- Айтыева Сабина Рустамовна;

- Касымова Бермет Данияровна.

 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

        ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 22-сентябры

№ 188