№ 185 22.09.20 «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

«Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

 

Чекирбаев Замирбек Сулаймановичтин өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын жана 2020-жылдын 21-сентябрындагы кириш № 06/2218 «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынан 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ишенимдүү адамы болуп Чекирбаев Замирбек Сулайманович катталсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

             ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 22-сентябры

№ 185